Беларус менен Литванын чек арасы дагы бир айга жабык болот. Мындай чечимди Литванын өкмөтү кабыл алды. Delfi басылмасынын жазганына ылайык, чектөө 30-ноябрдан кийин да узартылышы ыктымал.
Маалыматта Шальчининкай өткөөлү толук жабык болот, Мядининкай пункту чектелген режимде иштейт.
Литва Беларус менен чек арасын 27-октябрда аткезчилик менен тамеки ташыган метеозонддорго байланыштуу жапкан. Беларустан учурулган зонддордон улам Вильнюс аэропортунун иши бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.
"Беларус менен чек араны мөөнөтсүз жабууга даярбыз. Минскиге эч кандай гибриддик чабуулдарга жол бербейбиз, катаал чара көрөбүз деген ишарат кылууну көздөйбүз", - деп билдирген Литванын премьери Инга Ругинене.
Президент Гитанас Науседа андай шарларды аскерлер атып түшүрүүгө даяр турганын эскертти.
Шейшембиде Александр Лукашенко "Литвада чылым менен шарлар учуп жүрсө, маселени ошол жакта чечишсин", - деп жооп берген. Ошол эле маалда метеозонддор үчүн жооптуу экени далилденсе, Минск кечирим суроого даяр деп айтканын анын кеңсеси Телеграм-каналына жазды.
Шерине