Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Грузия: Бийликтеги партия оппозициялык үч ири партияны мыйзамсыз деп таанууга аракеттенүүдө


Оппозициянын колдоочулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан акция. Тбилиси, 4-ноябрь 2024-жыл
Оппозициянын колдоочулары парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип чыккан акция. Тбилиси, 4-ноябрь 2024-жыл

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы оппозициялык үч ири партияга тыюу салдыруу аракетин көрүүдө. 28-октябрда башкаруудагы партия “Бирдиктүү улуттук кыймылды”, “Өзгөрүүлөр үчүн коалицияны” жана “Күчтүү Грузия-Лело” партиясын мыйзамсыз деп таануу арызын Конституциялык сотко тапшырды. Бул тууралуу парламенттин спикери Шалва Папуашвили билдирди. Рейтер агенттиги белгилегендей, ал партиялар батышчыл позицияны карманышат.

“Бирдиктүү улуттук кыймылды” мурдагы президент Михаил Саакашвили түптөгөн. “Өзгөрүүлөр үчүн коалициянын” негиздөөчүлөрү анын командасынын мүчөлөрү Ника Гварамия жана Ника Мелия. Ал эми “Күчтүү Грузия-Лело” партиясын ишкерлер Мамука Хазарадзе менен Бадри Жапаридзе түзгөн.

Папуашвилинин айтымында, сөз болгон партиялар азыркы өкмөттүн жана бийликтеги партиянын легитимдүүлүгүн, демек, Конституцияга төп келгенин четке кагышууда.

Грузиялык маалымат каражаттары жазганына ылайык, Конституциялык сот оппозициялык партияларга каршы доо арыз боюнча чечимди жакынкы айларда чыгарышы мүмкүн. Арыз канааттандырылса, үч саясий партия же аларга байланышкан адамдар шайлоого катыша албай калат, мүчөлөрүнө мамлекеттик кызматтарды аркалоого жана жаңы партия түзүүгө тыюу салынат.

Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, былтыркы парламенттик шайлоодо мыйзамда каралган босогодон төрт партия өткөн. Алардын үчөө - “Бирдиктүү улуттук кыймыл”, “Өзгөрүүлөр үчүн коалиция” жана “Күчтүү Грузия-Лело” добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деген жүйө менен мыйзам чыгаруучу органдын ишин бойкоттоп жатышат.

Доо арыз парламентке өткөн «Гахария –Грузия үчүн» партиясына каршы гана берилген жок. Анын депутаттары 28-октябрда парламентте ишин баштады.

Өлкөдө он айдан ашуун убакыттан бери өкмөткө каршы акциялар тынчыбай келатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG