Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Пакистан-Ооганстан: Согуш чыкса качкындар Борбор Азияга агылат


Фруд Бежан
Фруд Бежан

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы кагылышуулар, ортодогу чыңалуу аймактагы өлкөлөрдү да түйшөлтпөй койбойт. Согуштун тутануу ыктымалдыгы, соңку жаңжалдын кесепеттери тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Фруд Бежан айтып берди. 

- Ооганстандагы талибдер менен Пакистан ортосундагы азыркы жаңжалдын согушка айланып кетүү коркунучу барбы?

- Бул ирет ири чыңалууга, кандуу жаңжалга күбө болдук. Бир топ жылдардан бери Пакистан менен Ооганстан ортосунда мындай жаңжал тутанган эмес. Муну мурда болуп көрбөгөндөй эскалация деп атаса болот. Ооган баш калаасы Кабулга урулган аба соккусун болжолу менен Пакистандын аскерлери ишке ашырды. Албетте, мындай жагдай чоң маселени жаратты. Тараптар мунасага келе албаса, бири-бирине чабуулдарын уланта берсе, анда толук масштабдуу согуштун тутануу коркунучунан чочулоо мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калат.

Ошол эле маалда эксперттер андай ыктымалдык жогору эмес деп баалашат. Анын негизги себебин айтсак, эки өлкө тең экономикалык көйгөйлөр, саясий бейстабилдүүлүк, террорчулук маселелери менен алпурушуп келатат. Алар согуштун жүгүн көтөрө албайт. Бирок уруш тутанып кетет деген кооптонуу жөн жерден пайда болгон жок. Согуш тараптардын бирине да пайда алып келбейт.

- Согуш чыгып кетсе, биздин чөлкөмгө кандай таасир этиши мүмкүн?

- Ооганстан менен Пакистан ортосунда согуш чыгып кетсе, албетте, анын залакасы эки өлкөгө гана эмес бүтүндөй регионго тийет. Атап айтсак, ансыз да качкындар Иранга, Пакистанга, бир бөлүгү айталы Тажикстанга агылып жатат. Уруш андай кырдаалды ого бетер кыйындатат. Көптөгөн оогандар кошуна өлкөлөрдө башпаанек издей башташы мүмкүн. Андан тышкары экономикага да зыяны тийет. Ооганстандагы "Талибан" Борбор Азия менен соодасын өрчүтүп жатат. Согуш сооданын өнүгүшүнө да жолтоо болушу ыктымал.

- Сиз буга чейин жазгандай, “Талибан” менен Пакистан ушинтип кагылышат деп элестетүү кыйын болчу, себеби Ооганстанда бийликте турган кыймыл Исламабаддын көп жылдардан берки өнөктөшү катары белгилүү. Пакистан кыймылды түптөөдө ири роль ойногонун билебиз. Чындап эле алардын ортосунда куралдуу жаңжалдын тутанышы күтүлбөгөн окуя болдубу?

- Сиз айткандай, Пакистан “Талибан” кыймылын негиздөөдө жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойногон. Мындай мамилелер 30-40 жылдан бери уланып келатат. Андыктан Пакистан “Талибанды” Ооганстанда өзүнө ымалаш өкмөт курууда колдонуу үчүн дээрлик кол жоолугуна айлантып алган.

Исламабад талибдер бийликти басып алган 2021-жылдан кийин Кабулда Пакистандын кызыкчылыктарын коргогон өкмөт пайда болот деп ишенген. Бирок андай болбой калды. Себеби Исламабад “Талибанды” пакистандык талибдерди коргойт, башпаанек берет деп айыптап келатат. Пакистандагы жана Ооганстандагы талибдер эки башка уюм болгону менен идеологиясы бир, бири-бири менен байланыштары бар.

Ооганстандагы “Талибан” пакистандык согушкерлерди өз аймагынан сүрүп чыгарууга, аларга каршы олутуу чара көрүүгө көнбөй койгон. Эң маанилүүсү талибдер Кабулдагы бийликти басып алгандан кийин пакистандык талибдер барган сайын дараметин арттырууда. Алар дээрлик күн сайын Пакистандын аймагында кол салууларды ишке ашырып жүрөт.

Ооганстан - Пакистан чек арасында кайра кармаш болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

- Сиз сөзгө тарткан эксперттердин бири Кабул менен Исламабад ортосундагы чыңалуу күчөгөн сайын Ооганстандагы “Талибан” бийлиги менен Дели бири-бирине жакындашы мүмкүн деп боолголойт. Индиянын ушул жаңжалдагы кыйыр ролуна токтолосузбу?

- “Талибандын” бийлигин мыйзамдуу деп дүйнөдө Орусия гана тааныган. Талибдер өздөрүн региондо гана эмес бүтүндөй дүйнөдө легитимдештирүүнү көздөйт. Бул максатта башка өлкөлөр, арасында Борбор Азия, Иран, Кытай менен мамиле курууга умтулат. Индия менен жакындашуунун артында да эл аралык алкакта таанылбаган өкмөтүн легитимдештирүү максаты турат.

Пакистан Индияны кас мамлекет деп эсептейт. Исламабад менен чыңалуу жана Дели менен жакындашуу бир мезгилге туура келди. Бул эки окуянын байланышы бар. Себеби Пакистан чыгыш жана батыш тараптарында ага кастарын тиккен кошуналардын пайда болушунан чочулайт. Мындайча айтканда, Пакистан корккон сценарий реалдуулукка айлангандай.

Пакистан менен Ооганстан ортосундагы чыңалууга кайтсак, абал бара-бара начарлаган. Мисалы, Пакистан миллиондогон ооган качкынын чыгарып салды. Бир топ эксперттер муну менен Исламабад кысым көргөзүүнү каалаган деп айтышат. Кыскасы, Пакистан качкындарды, сооданы курал кылып пайдаланган. Бирок андан майнап чыккан жок. Акыр аягында “Талибанга” таасир этүү үчүн зомбулукка чейин барды көрүнөт.

- Сиз качкындарды айтып жатасыз, чек аранын эки жагындагы карапайым кишилерге куралдуу жаңжал кандай таасирин тийгизизди?

- Чек арага жакын жерде кармаштар жүргөнүн билебиз. Андан тышкары Пакистан Кандагарга абадан сокку урду, Кабул да бутага алынганы айтылып жатат. Аткылашуу, ракета чабуулдарынан карапайым кишилер жабыркады. Аба соккулары да калк жашаган райондорго урулган. Кабулда шаршембиде кеминде жети киши каза тапты. Бул сан мындан көп болушу ыктымал. Кандагарда базарга жакын жер бутага алынганда дүрмөттөр катардагы тургундар менен машиналарга тийгени кабарланган.

Андан тышкары Ооаганстанга азык-түлүк жана башка товарлар Пакистан аркылуу ташылат. Алар эл аралык рынокко кошуна өлкө аркылуу гана чыга алат. Мындай көз карандылыкты азайтуу үчүн оогандар Иран же Индия, Борбор Азия маршруттарын караштырууда. Бирок андай мүмкүнчүлүктөр өтө чектелген. Пакистандын ролу бул чөйрөдө эбегейсиз. Чек ара өткөөлдөрүн, деңизге карай жолду жабуу Ооганстанга чоң залаксын тйигизет.

Пакистан менен Ооганстанга Бээжин арачы болобу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:59 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG