Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 27-октябрдагы отурумунда шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузду деген негиз менен бир катар адамдарга айып пул салды. Ага ылайык, Фейсбуктагы баракчасында үгүт эрежелерин бузган жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого талапкерлер боюнча жалган маалыматтарды тараткан деген жүйө менен Бакмурат Токтогулов 19 миң 500 сом айыпка жыгылды.
Андан тышкары жарандык активист Айбек Теңизбайга, журналисттер Мирлан Дүйшөнбаев менен Нургазы Анаркуловго, парламенттин депутаты Карим Ханджезага, адвокат, шайлоого талапкерлигин коюп жаткан Канат Хасановго да 7500 сомдон айып пул салынды.
Боршайком талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактын колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын сактоого чакырды. БШК үгүт башталганга чейин социалдык тармактарда кайсы бир талапкерди колдоо же каралоо боюнча жазылган билдирүүлөр мыйзам бузуу болуп эсептелерин эскертүүдө.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган.
28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт). (BTo)
Шерине