Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Украина: Сумынын жарымы электр жарыгысыз калды


Сумы облусу буга чейин да катуу аткыланган. Украина, 21-октябрь 2025-жыл
Сумы облусу буга чейин да катуу аткыланган. Украина, 21-октябрь 2025-жыл

Орус аскерлеринин Сумы облусунун маанилүү инфраструктурасына урган соккусунан улам аймактын жарымы электр жарыгысыз калды. Аскердик администрациянын башчысы Олег Григоровдун айтымында, энергетиктер калкты электр энергиясы менен камсыз кылууну калыбына келтирүү үчүн оңдоп-түзөө иштерин улантып жатат. Өзгөчө кырдаалдар кызматы маалымдагандай, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоонун очогун көзөмөлгө алууга жетишти, жабыркагандар жок.

Украинанын Энергетика министрлиги Донецк жана Сумы облустарынын энергетикалык жайлары аткыланганын билдирди. Мекеме энергосистемасында буга чейинки соккулардын айынан кыйын абал түзүлгөнүн, улам бир жерде жарыкты өчүрүп турууга аргасыз болушканын кошумчалады.

Олег Григоров өткөн 24 саатта облустун 35 айыл-кыштагына 99 сокку урулганын, бир карапайым киши каза болгонун, 16сы жараат алганын билдирди. Бир нече турак жай, жарандык инфраструктура объектилери зыян тартты.

Далилдерге карабай Орусия Украинанын аскердик жайларын гана бутага алганын айтып келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG