Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Азия турнесинин алкагында Трамп Токиого барды


Дональд Трамп жана император Нарухито. Токио, 27-октябрь 2025-жыл
Дональд Трамп жана император Нарухито. Токио, 27-октябрь 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Жапонияга барды. Америкалык лидер император Нарухито менен жолукту.

Шейшембиде өлкөнүн жаңы премьер-министри Санаэ Такаичи менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Жума күнү АКШнын элчилиги жанында бычак көтөрүп жүргөн киши кармалгандан кийин Токиодо коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Башкалаада Трамптын визитине каршы демонстрация болду.

Жапония 550 миллиард доллар инвестиция салууга убада кылганы үчүн Трамп импорттук тарифтерди киргизүүнү кийинкиге калтырууга макул болгон.

Булактардын бири Рейтер агенттигине маалымдагандай, Такаичи америкалык машина, соя буурчагын жана газ алуу, кеме куруу келишимин түзүү пландарын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Өткөн аптада өлкө тарыхында биринчи аял өкмөт башчы болуп шайланган Такаичи ишембиде Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө эки өлкөнүн альянсын бекемдөө анын “артыкчылыктуу багыты” экенин белгиледи.

АКШнын президенти жакын досу, гольф оюну боюнча шериги, маркум Синдзо Абэнин санаалашы болгон Такаичи менен жолугушууну чыдамсыздык менен күткөнүн айтты.

Ушу тапта Азияда беш күндүк сапарда жүргөн Трамп Малайзияда Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүнүн 4 мамлекети менен бир нече соода жана сейрек минералдар жаатында келишимдерге жетишилгенин билдирген. АКШнын лидери сапардын соңунда Түштүк Кореяда Кытайдын президенти Си Цзинпин менен жолукканда соода тирешине чекит коюуга үмүттөнөт.

Лидерлердин кездешүүсү алдында тараптардын расмий өкүлдөрү соода келишиминин мазмуну тууралуу макулдашканы кабарланган.

Вашингтон жана Бээжин бири-биринин товарларына тарифтерди көтөргөн жана сейрек металлдар менен технологиялар чөйрөсүндөгү сооданы токтотушарын эскертип келишет.


Шерине

XS
SM
MD
LG