Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

Лувр музейинен баалуу экспонаттарды уурдоого шектүү эки адам кармалды


Лувр, 19-октябрь 2025-жыл
Лувр, 19-октябрь 2025-жыл

Франциянын бийлиги Лувр музейинен баалуу экспонаттарды уурдаган деген шек менен эки кишини кармады. Адегенде медиа жазган маалыматты Париж шаарынын прокуратурасы бышыктап, бирок канча киши кармалганын тактаган жок.

Маалыматтарга караганда, бир шектүү ишембинин кечинде башкалаанын Шарль де Голь аэропортунда Алжирге учууга даярданып жатканда колго түшүрүлгөн. Экинчиси көп узабай Париждин жака белиндеги конушта кармалды. Басылмалар алар буга чейин полициянын назарына түшкөнүн жазууда.

Париждин прокурору Лора Беккуа 25-октябрдын кечинде кармоолор болгонун тастыктап, тергөө тууралуу маалымат иликтөөнүн кызыкчылыгын эске албастан, коомчулукка эрте чыгып кеткенине өкүнүчүн билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары уурдалган буюмдар табыла электигин жазууда.

Дүйнөдөгү эң байыркы музейлердин бири болгон Луврда сакталган кымбат баалуу экспонаттарды 19-октябрда чак түштө уурдап кетишкен.

Белгисиз адамдар музейге кирип, тогуз буюмду, арасында француз императору Наполеондун коллекциясындагы кымбат баалуу сөйкө, колье, диадеманы алып чыгып кетишкен. Кийин прокуратура алардын баасы 100 миллион доллардан ашарын маалымдаган.

Буюмдардын бири ханыша Евгенияга таандык таажы музейден анча алыс эмес жерден табылганын, бирок ал сынып калганын маалымат каражаттары жазган.


Шерине

XS
SM
MD
LG