Бишкекке коомдук транспорт катары трамвай жүргүзүү сунушталууда. Бул тууралуу долбоор Бишкек шаарынын жаңы башкы планында каралганын мэриянын Башкы архитектура муниципалдык ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары Азирет Азимов “Биринчи радиого” курган маегинде айтты.
Ал мурдагы башкы планда коомдук транспорттун алты-жети түрү жазылганы менен аларды ишке киргизүү оор болгонун, азыркы долбоордо үч түрү белгиленип, аны жүзөгө ашыруу так көрсөтүлгөнүнө токтолду.
“Бишкектин башкы планын даярдаган институт Санкт-Петербургда. Бул калаада трамвай каттамы аябай жакшы өнүккөн. Техниканы өздөрү чыгарып беришет жана камсыздайт. Башкы планда биринчи этап менен 28 чарчы чакырым трамвай линиясын салуу белгиленген. Шаарыбыздын кичи райондорунан жана жаңы салынып жаткан стадион жактан эки линия келип, шаардын борбор жагынан айланма түрүндө каттайт. Жибек Жолу - Шабдан баатыр, Фучик -Дооронбек Садырбаев, Иса Ахунбаев көчөлөрү менен айланма болот”, - деди Азимов.
Долбоордо шаардын аймагын жашылдандырууга да басым жасалып, 1,5 миң гектар жер каралары жазылган.
Шаардын чыгыш тарабына саркынды сууларды кайра иштетүүчү ишкана куруу, калаанын чет жакаларын да өнүктүрүү үчүн төрт райондун өзүнүн борборлорун түзүү планы бар.
Бишкек шаарынын башкы планынын долбоору боюнча 24-25-декабрда коомдук талкуу өтөт. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер каралып, шаардык кеңешке сунушталат. Башкы план Министрлер кабинетинин токтому менен даярдалып, анда 2050-жылга чейинки мөөнөт камтылат.
Шаардын башкы планы узак мөөнөттүү өнүгүүнүн стратегиялык документи болуп саналат жана анын максаты Бишкектин борбордук позициясын бекемдөө, аны Борбор Азиянын каржылык жана логистикалык борборуна айлантуу, экономиканы диверсификациялоо жана жашоого ыңгайлуу шаар түзүү экени белгиленген.
Шерине