Улуттук банк 27- октябрдагы чечими менен эсептик ченди 10% чейин жогорулатып, ал 28- октябрда күчүнө кирди. Өлкөнүн негизги банкы инфляция 2025-жылдын башынан тартып 6,2%, жылдык мааниде 8,4% түзгөнүн билдирди. Мекеме Кыргызстанда быйыл жылдын алгачкы тогуз айында (январь-сентябрь) реалдуу Ички дүң өнүм (ИДӨ) 10% өскөнүн кошумчалады.
Былтыр май айында Улуттук банк эсептик ченди 11ден 9% чейин түшүргөн жана бул көрсөткүчтү бир жылдан ашык убакыт сактап турган жана июль айында аны 9,25% чейин жогорулаткан.
Улуттук банк 2022-жылга чейин эсептик ченди 7-8% тегерегинде кармап келген. Орусияга салынган эл аралык санкциялар Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизген. Мындан улам 2022-жылдын мартынан тартып өлкөдө инфляция кескин секирик жасаган. Валюта рыногунда абал курчуп, эсептик чен 14% чейин жеткен.
Эсептик чен - инфляциялык процессти жөнгө салуучу негизги финансылык куралдардын бири болуп саналат. Ал коммерциялык банктардагы насыялар менен депозиттердин пайыздык ченине түз таасир этет.
Коммерциялык банктар өзүнүн пайыздык чендерин аныктап жаткан учурда Улуттук банктын эсептик ченине багыт алышы кажет. Улуттук банктын эсептик чени жогору болсо, коммерциялык банктардын насыялары менен депозиттеринин пайыздык чендери да жогору болот, төмөн болсо төмөндөйт. (BTo)
Шерине