Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Бишкек шаарына жылуулук 3-ноябрда берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарына 3-ноябрда жылуулук бериле баштайт. Шаардык мэрия “Бишкекжылуулуктармагы” жана “Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканалары бардык даярдык иштерин аяктап, шаардын объектилерине жылуулукту берүүгө даяр экенин билдирди.

Жылуулук биринчи социалдык объектилер: мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдарына, андан соң көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке секторго берилет.

Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG