Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

"Дрондор жөнүндө репортаж көрүп отурсам, бирөө үйүбүзгө кулады". Москва НАТОну сынап жатабы?


Вырыки-Воля айылындагы жабыркаган турак жай. Польша, 10-сентябрь, 2025-жыл
Вырыки-Воля айылындагы жабыркаган турак жай. Польша, 10-сентябрь, 2025-жыл

БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусиянын Польшанын аба мейкиндигин бузганын чукул жыйында караганы жатат. Варшава ал окуяны «агрессия» деп атады. Москва Польшадагы жайларды бутага албаганын айтууда. Айрым эксперттер Орусия альянстын биримдигин сынап жатат деп эсептешет.

Шаршембиде эртең менен Вырыки-Воля айылынын тургуну Томаш Весоловскийдин үйүнө учуучу аппараттын сыныгы кулап түшкөн.

Тагдырдын тамашасы – ал ошол маалда орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин бузганы тууралуу жаңылыктарды көрүп отурган.

“Телевизорду күйгүзсөм, дрондор учуп жүргөнүн айтып жатышыптыр. Бир нече саамдан кийин үстүбүздөн учактын учуп баратканы угулду. Тез ылдыйлагандай сезилип, моторунун добушу барган сайын катуу чыгып жатты. Бир заматта бир нерсе жарылгандай болду. Биринчи кабаттагы бөлмөдө люстра кулап түштү. Терезеден карай калдым, чатырдан темир-тезек учуп жатыптыр. Короого чуркап чыксам, чатыр урап, бүт талкаланыптыр”.

Тилекке жараша пенсионер жабыркаган жок. Бирок үйү жашоого жараксыз болуп калганын айтат.

Айылдын тургундары окуянын кайталанышынан чочулап, айрымдары атүгүл башка аймакка көчүп кетүүнү ойлонуп жатат.

Польшанын Ички иштер министрлиги маалыматын жаңылап, жети жерде 16 учкучуз учактын сыныктары табылганын билдирди. Ага чейин өлкөнүн аба мейкиндигин 19 дрон бузганы кабарланып келген.

Бейшембиде Польша өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн Беларус жана Украина менен чек ара аймагында 9-декабарга чейин аба кыймылын чектегени белгилүү болду.

Ушул эле күнү Польшанын премьер-министри Дональд Туск Ласк шаарындагы аскердик базага барганда учкучтардын ыкчам аракет көргөнүн кубаттады жана өлкө АКШдан тез арада жаңы учактарды алат деп үмүттөнөрүн кошумчалады:

Дональд Туск
Дональд Туск

"Америкалыктар өз мөөнөтүндө учактар менен камсыздайт деп ишенебиз. F-35 үлгүсүндөгү учактардын биринчи партиясы май айында келсе жакшы болмок. Польшанын асманы коопсуз болушу үчүн абадан коргонуу күчтөрүбүздүн кудурети ай, жыл сайын артат деп үмүтөнөбүз".

Бир күн мурда Туск орусиялык дрондор НАТОго мүчө мамлекеттин үстүнөн биринчи жолу атып түшүрүлгөнүн айтып, расмий Варшава альянстын калган өлкөлөрү менен кеңешме өткөргөн.

НАТО орусиялык дрондор Польшанын аба мейкиндигин атайылап бузду деп эсептейт, бирок аны чабуул катары сыпаттабайт деп маалымдалды.

Кабарларга караганда, учкучсуз учактарды атып түшүрүүгө польшалык, нидерланддык жана италиялык учактар катышты.

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Путинди Украинадагы согуштун эскалациясын токтотууга чакырып, блок өз аймагынын ар бир карыш жерин коргоого даяр экенин эскертти.

Еврошаркеттин өлкөлөрү Польшанын аба мейкиндигин бузууну айыпташты.

АКШнын президенти Дональд Трамп ал окуяга реакциясын билдирип, Truth Social сайтына кыска пост жазды:

Дональд Трамп
Дональд Трамп

“Эмне себептен Орусия өз дрондору менен Польшанын аба мейкиндигин бузат? Мына ушундай!”.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын бир нече облусуна, Винница жана Львов шаарларындагы аскердик буталарга сокку урулганын, Польшадагы жайларга чабуул коюу планы болбогонун билдирген. Мекеме Польшанын тиешелүү министрлиги менен кеңешме өткөрүүгө даярдыгын айтты.

Анын артынан орус Тышкы иштер министрлиги Варшаванын "жүйөсүз айыптоолоруна карабай", абалга тактык киргизүү үчүн тараптардын консультациянын зарылдыгын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерди Орусиянын жоругуна катуу реакция билдирүүгө чакырган.

Айрым эксперттер жана саясатчылар НАТОнун аба мейкиндигин бузууну чагым деп аташса, башкалары муну менен Москва блоктун Польша жана

Балтика өлкөлөрүн коргоо чечкиндүүлүгүн сынап жатат, анын арты европалык бейпилдик күчтөрүн Украинага жайгаштыруу планына таасир этиши мүмкүн деп белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG