Менин милициям
Бишкекте жигердүү жаштар милициянын зомбулугуна каршы кол топтоп жатышат. Бул чекисттер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыккан чырдан кийин башталды. Күч түзүмдөрү ортосундагы ич ара төбөлөшүү окуяларынан кийин журт ичинде күч кызматкерлери өздөрү чабышып атышса, биздин коопсуздугубузду кантип камсыз кылмак эле деген пикир орун алууда. "Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында “милициянын кулк-мүнөзүн өзгөртүү, коомчулуктун ишенимин кайтаруу мүмкүнбү?” деген суроонун тегерегинде талкуу жүргүздүк. Ага Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын башчысы, подполковник Жоробай Абдраимов жана "Реформалар жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикменин мүчөсү Галина Давлетбаева катышты. (3-бөлүк)
Чыгарылыштар
-
Декабрь 23, 2022
Беларус жыгачын Европага саткан кыргыз компаниялар
-
Декабрь 13, 2021
Чаткал: чачылган чачыранды алтын
-
Ноябрь 19, 2021
Чаткал: алтындан ырбаган чыр-чатактар
-
Февраль 09, 2021
Зулушев: Акча төлөп, үй камакка чыккандар жазасыз калбайт