Сагындыков: "Ант аткарылган жок"
Бүгүн Бишкекте Ак үй алдына чогулган 50дөй киши Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү адилет каралган жок деп нааразылыгын билдирүүдө. Алар бул үчүн Убактылуу өкмөттөн тартып бүгүнкү бийлик ээлерин, күч органдарын жана сот системасын айыптоодо. Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылы 30-ноябрда башталган. Ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер соту териштирүүнү кечээ жыйынтыктап, өкүм чыгарууну 6-июнга калтырган.