Жайлоо кыдырган дарыгерлер
14-июлда Нарын райондук ооруканасынын дарыгерлери алыскы Солтон-Сары жайлоосун кыдырып, малчылардын ден соолугунан кабар алышты. Ар бир үй-бүлөдөгү кишинин санына жараша эң керек болгон дары-дармек бекер таратылды. Бирин-экин жугуштуу оорулар аныкталып, аларды райондук ооруканага тезинен барып дарылануусун эскертишти. Оорукана жетекчиси Сыяпат Сырдыбаева текшерүүдө кан басымы жогору жана сасык тумоологондор көп кездешкенин билдирди. Дарыгерлер жалпы Нарын районуна караштуу Солтон-Сары жайлосунан 30дан ашык үй-бүлөнүн саламаттыгын текшерди. Жергиликтүү бийликтин демилгеси менен мындай саамалык 3-4 жылдан бери уланып келе жатат. Жакынкы күндөрү дарыгерлер Ак-Сай, Арпа жайлоосуна жөнөшөт.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 12, 2025
"Кара тизмедеги" мигранттарды кандай тагдыр күтөт?
-
Сентябрь 02, 2025
Кыргыз-өзбек чек арасында атылган ок
-
Сентябрь 01, 2025
Жаңы-Тилек: Сел коркунучунда уланган турмуш
-
Август 31, 2025
Жалал-Абад: МИК 13 миңден ашуун батир курууда
-
Август 28, 2025
“Топурактын үстүнө эле асфальт төшөлгөн". Нарындагы жаңы жол
-
Август 13, 2025
"Эми кайда барып жашайбыз?" Кара-Суу районундагы "снос"