Зардалыда ФАП курула баштады
Баткендин Зардалы айылында айыл түптөлгөнү алгачкы жолу медициналык мекеме курула баштады. Демилге эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашат. Мекеме ушул жылдын аягына чейин бүтөөрү пландалган. Баткен районунун алыскы Зардалы айылына 1999-жылы Өзбекстан Ислам кыймылынын жоочулары бастырып кирип, бир ай бою айылды барымтада кармап турушкан. Учурда Зардалы айылы кыргыз чек арачыларынын атайын бөлүгүнүн көзөмөлүндө турат. Айылда туруктуу 30дай үй-бүлө жашайт. Ал эми жай айларында айылга баргандардын саны миӊден ашат. Бирок ушул күнгө чейин айылда электр энергиясы, телефон байланышы жок. Медициналык тейлөө жоктугунан бул айылда үйүндө төрөгөн учурлары да болуп турат.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 10, 2025
“Украинада согушта өлгөн уулумдун сөөгүн ала албай жатам”
-
Сентябрь 10, 2025
Орусия: "Кара тизмеде" турган мигранттар кантет?
-
Сентябрь 10, 2025
Непал: Бийликке каршы нааразылык уланууда
-
Сентябрь 09, 2025
Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн аскер кызматкерлери кармалды
-
Сентябрь 09, 2025
Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү сунушу
-
Сентябрь 09, 2025
Нарын жана Казарман аба майдандарынын иши жанданды