Нарын: митингге чыккандар өкмөткө талап коюшту
Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызынын маалымдашынча, митингге чыккандар бийликке беш талаптан турган кайрылуу жолдошту. Алар 32 кишиден турган комиссия түзүп, президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу даярдашкан. Анда бийик тоолуу шарттагы жеңилдиктер жоюлбагандыгын тастыктаган токтомду көрсөтүү, кыш мезгилинде электр энергиясына болгон жеңилдиктерди көбөйтүү, турак жайды жана автоунааны камсыздандыруу үчүн мажбурлабоо, жөлөк пулдарды көбөйтүү жана соцфонд төлөмдөрүн азайтуу талаптары жазылган.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Октябрь 27, 202525 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды