Текебаев Убактылуу өкмөт тууралуу китеп жазды
6-апрелде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Апрель элдик революциясынын алты жылдыгына арнап чыгарган “Убактылуу өкмөт” аттуу китебинин бет ачары өттү. Китеп анын алгачкы басма эмгеги. Жаңы китептин бет ачарына Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева, өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган көптөгөн саясатчылар, депутаттар катышты. Аталган китепте 2010-жылдын 7-апрелинен 21-декабрга чейин иш жүргүзгөн ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн ишмердиги чагылдырылган. Китепти Өмүрбек Текебаев белгилүү юрист Мурат Укушов менен биргелешип жазган.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?
-
Октябрь 29, 2025Ит ээрчитип, Кыргызстанды жөө кыдырган Арсен
-
Октябрь 27, 202525 жылдан кийин Бишкек кандай болот?
-
Октябрь 20, 2025"Күн алыс жарык өчүүдө". Өкмөт кыш кыйын болорун эскерткен
-
Октябрь 12, 2025"Тарыхты бирөөлөрдөн уруксат сурабай жазышыбыз керек"
-
Октябрь 09, 2025Ак-Ордодогу кылмыш: Шектүү жаран эки айга камалды