Кыргыз жеринде балдардын эл аралык этнокарнавалы башталды
Бишкекте 14-июлда балдардын “Ысык-Көл досторун чакырат-2017” эл аралык этно- карнавалы башталды. Салтанаттуу жүрүш менен башталган карнавал Ысык-Көлдө уланат. Ага Кыргызстан, Индия, Өзбекстан, Орусия, Казакстандан келген өнөрлүү 550дөн ашык бала катышат. Көл жээгинде балдар бийлөө, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо боюнча сынактарда ат салышат. Быйыл сегизинчи жолу өтүп жаткан карнавалды Билим берүү министрлиги менен “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштуруп келет. 13-июлда башталган иш-чара 20-июлда жыйынтыкталат.
Чыгарылыштар
-
Август 22, 2025
Токаевдин сапары: Чек ара, соода-сатык, "Алтын-Кыран"
-
Август 22, 2025
Израил Газа шаарына чабуул баштап, ХАМАСКа талап койду
-
Август 22, 2025
Украинадагы уруш: Путин Зеленскийге жолугуудан качабы?
-
Август 22, 2025
Кыргыз-казак алакасы: Токаев Бишкекке келди
-
Август 21, 2025
Британиянын санкциясы, Бишкектин жообу
-
Август 21, 2025
"Жүрөгүм түшүп калды". Орусия Львовго сокку урду