Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда берген онлайн брифингде өлкөдө дары-дармек, медициналык каражаттар боюнча маселе бар экенин билдирди:
“Учурда дары-дармектердин бааларын негизсиз кымбаттаткан фактылар, мыйзамсыз ташылып келген товарлар жана башкалар боюнча 27 факт катталды."
Учурда медициналык беткаптардын баасын негизсиз кымбаттатканы үчүн 4 иш, дарыларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 13 иш , кампаларда катып алып, дары-дармектердин жасалма тартыштыгын пайда кылган 2 иш боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Ал кампаларда гепарин, левофлоксацин, азитромицин, физрастворлор, ингаверин, арбидол жана башка дарыларды катылып жаткан. Ал эми дары алып кайра кымбат саткан 8 факт боюнча териштирүү жүрүп жатат.
Боронов коомчулукка кайрылып, кымбат дары саткандар боюнча маалымат берүүгө чакырды. Өкмөт башчы бир нече мамлекеттерден өлкөдө тартыш дарыларды Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Коронавирус күчөп турган кезде Кыргызстанда дары-дармектин баасы көтөрүлүп, айрымдары табылбай жатат. Көпчүлүк адамдар канды суюлтуучу антикагулянттарга, антибиотиктерге жана вируска каршы дарыларга муктаж болууда. 12-июль түнү Бишкек шаарындагы "Неман" дарыканасынын кампасында узун кезек пайда болду. (TSh)