Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:51

Трамп: Согуш токтошу үчүн Зеленский келишимге барышы керек


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп Москва менен Киевдин жаңжалына чекит коюу үчүн украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге келишимге барууга туура келерин айтты.

«Зеленский келишимге барууга тийиш. Европа болсо Орусиядан мунайды алууну токтотушу керек», - деп билдирди Трамп Британияга жол тартып жатып.

Анын айтымында, орус президенти Владимир Путин менен өткөн айда Аляскада болгон кездешүүсү «бир топ жетишкендикке» алып келди, бирок «танго бийин жуп болуп аткаруу зарыл».

Америкалык лидер Путин менен Зеленский «бири-бирин жек көргөнүн», андыктан балким сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш болорун кошумчалады.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Трамп эмки жумада Нью-Йоркто Зеленский менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирген. Башкы дипломат президенттин согушту токтотуу мүмкүн эместигине көзү жетиши ыктымал, бирок азырынча андай боло элек деп белгиледи.

Ага чейин Зеленский Орусияны согушту токтотууга көндүрүү үчүн АКШнын мамлекет башчысы Киевге берилген коопсуздук кепилдиктери маселесинде «так позицияны» ээлөөгө, Вашингтон Москвага каршы санкциялар жаатында чечкиндүү болууга тийиш деп билдиген.

Sky News телеканалына берген интервьюда украин лидери Трамптын соңку билдирүүсүн кыйыр сындады. АКШнын президенти Еврошаркет орусиялык мунайдан баш тартса гана, Ак үй Москвага жаңы санкция саларын айткан.

Зеленский Трамп Украинага абадан коргонуу системаларынан көбүрөөк бериши мүмкүн, «орус экономикасына зыян келтирүү үчүн жетиштүү санкцияларды киргизсе болот» деп белгиледи.

Вашингтон Киевге колдоосун улантканы менен АКШнын лидери анын максаты Киевдин жеңиши эмес, согуштун тезирээк токтошу экенин айтып келет. Уруштун жөнгө салынбай жатышы үчүн Трамп Путин менен катар Зеленскийди да айыптаган.

Кремл үч тараптуу саммит азырынча пландалбаганын билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG