Чек ара: талап-тоноого көмөктөшкөн деп айыпталгандар соттолду
Баткендеги чек ара жаңжалына байланыштуу Лейлектин үч тургуну 8,5 жылдан 15 жылга чейин соттолду. Алар кыргызстандыктардын үй-жайын талап-тоноодо коңшу мамлекеттин жарандарына жардам берген деп айыпталышкан. Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков чет жакка чыкпоо жөнүндөгү тилкаттын негизинде камактан бошотулду. Ал "300 миң доллар алды" деп айыпталып жаткан экс-депутаттын ишинин алкагында кармалган эле. Жакындары Шинжаңда камакта отурган казактар Кытайдын Нур-Султандагы элчилигинин алдына чогулду. Нааразылык акциясына чыккандар консулдуктун маңдайына чатыр тигүүгө аракеттеништи.
Чыгарылыштар
-
Сентябрь 03, 2025
Кытай Бээжинде жаңы аскердик куралын көрсөттү
-
Сентябрь 02, 2025
Ооганстан: Зилзала курмандыктары 1400дөн ашты
-
Сентябрь 01, 2025
Украина тууралуу сөз козголбогон Тяньзин декларациясы
-
Август 29, 2025
БУУ: Коопсуздук кеңеши Украинадагы кырдаалды талкуулайт
-
Август 27, 2025
Жеңиш чокусунда калган альпинисттерди издөө-куткаруу токтоду