Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:17
Сумыдагы чабуулдардын биринин кесепети. Август, 2025-жыл
Сумыдагы чабуулдардын биринин кесепети. Август, 2025-жыл

Украина: Сумыдагы жапырт дрон чабуулунан бир нече жерде өрт чыкты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:37 15.7.2025

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын соңку билдирүүлөрүн талдап чыгууга убакыт керектигин билдирди. "Интерфакс" маалымат агенттиги ага шилтеме кылып, Путин Трамптын айткандарына кийинчерээк комментарий бере аларын жазды.

"АКШнын президентинин билдирүүсү өтө олуттуу. Андагы айрым жагдайлар президент Путиндин өзүнө жолдонгон. Вашингтондо айтылгандарды талдоо үчүн сөзсүз убакыт керек. Путин эгер керек деп тапса, сөзсүз комментарий берет", - деген Песков.

Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы Трамптын билдирүүлөрүнө үн каткан. Анда Москва үчүн "кандайдыр бир талап, болгондо дагы ультиматум коюу мүмкүн эмес экенин" билдирген.

Мунун алдында Трамп Орусия 50 күндүн ичинде Украинадагы урушту токтотуу үчүн макулдашууга көнбөсө, Москва жана анын соода өнөктөштөрү "өтө катаал" бажы тарифтерине кабыларын эскерткен. Ал бул тууралуу 14-июлда НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен Ак үйдө жолукканда айткан. АКШнын президенти тарифтер 100% чейин көтөрүлүшү ыктымал экенин белгилеген.

14:53 15.7.2025

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас АКШнын Орусияга карата катаал позицияга өткөнүн кубаттады, бирок расмий Москвага берилген 50 күндүк мөөнөттү "өтө узак" деп баалады.

"Президент Трамп Орусияга карата катаал мамилеге өткөнүн оң бааласа болот. Бирок экинчи жагынан, алар күн сайын бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын эске алганда 50 күн деген өтө узак мөөнөт", - деди Каллас журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ал арада Трамп Би-би-синин Түндүк Америкадагы кабарчысына курган маегинде Путинден "көңүлү калганы менен ага биротоло чекит кое электигин, орус президенти менен мамилени биротоло үзүп коюуга даяр эместигин" айткан.

"Мен биз ал экөөбүз макулдашсак керек деп төрт жолу ойлодум. Бирок үйгө келсең эле ал Киевддеги төрөткананы бомбалап салганын, же ушул сыяктуу бир иштерди жасаганын көрөсүң. Мен анан өзүмө "шайтан алгырдыкы, мунусу эми эмне?" деп суроо бердим", - деген Трамп.

Андан кабарчы Путинге ишенип-ишенбесин сураганда, АКШнын президенти эч кимге ишенбесин айткан.

13:47 15.7.2025

Орусиянын Коргоо министрлиги 15-июлга караган түнү өздөрүнүн беш аймагынын жана Кара деңиздин үстүнөн Украинанын кеминде 55 дрону атып түшүрүлгөнүн, бир канча адам жараат алганын билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев соңку соккуда бери дегенде 16 киши, анын ичинде бир өспүрүм жараат алганын, бир аял ооруканага жеткирилгенин кабарлады. Анын сөзүнө караганда, көп кабаттуу үйдөгү бир нече батир, шаардын четиндеги жер тамдар дагы жабыркады.

Украина шейшембиге караган түнү орус армиясы бир канча аймагын дагы аткылаганын билдирди. Ага ылайык, Сумы облусунда психдиспансердин корпусу жана 10дон ашык көп кабаттуу үй жабыркады, бир адам жараат алды. Донецк облусундагы чабуулда төрт тургун жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.

13:47 15.7.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбүдө АКШ президентинин атайын чабарманы Кит Келлог менен жолугуп, "жемиштүү" сүйлөшүү өткөнүн белгиледи.

"Тынчтыкка жетүүнүн жолдорун талкууладык, аны жакындатуу үчүн баары колубуздан келет. Бул - Украинанын абадан коргонуу системасын күчтөндүрүү, Европа менен курал-жабдыктарды чогуу өндүрүү жана сатып алуу. Албетте, Орусияга каршы санкциялар да бул багытта көмөкчү болот", - деп украин лидери жазды. Келлог Киевде бир апта жүрөрү кабарланды.

14-июлда эртең менен Келлогду Киевдеги темир жол вокзалынан украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак тосуп алды.

"Коргонуу, коопсуздукту бекемдөө, курал-жарак, санкциялар, элибизди коргоо, Украина менен АКШ ортосунда кызматташтыкты чыңдоо - талкууга тема көп", - деп Ермак телеграм-каналына жазды.

Ермак ошондой эле "Орусия ок атууну токтотууга ниети жоктугун" белгилеп, "күч менен тынчтыкка жетүү - АКШ президенти Дональд Трамптын принциби, биз андай ыкманы колдойбуз" деп жазды.

Кит Келлог өткөн аптада Римде Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияга катышып, кийинки жумада Киевде барарын жарыялаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 9-июлда Римде Келлог менен жолуккан соң Киевге америкалык курал-жаракты жиберүү жана Орусияга каршы санкциялар тууралуу сөз болгонун билдирген.

Келлогдун бул сапары Трамп бийликке келгенден бери Украинага аскердик жардам пакетин бекитчү маалга туш келди. Ушуга чейин Киев президент Жо Байдендин администрациясы бекиткен жардамды алып келди. Presidential Drawdown Authority программасы Кошмо Штаттардын президентине Конгресстин макулдугусуз эле чечим кабыл алууга укук берет.

Украинада орус күчтөрүнүн түнкү аба соккусунан Сумы облусунда 50 жана 55 жаштагы жергиликтүү тургундар каза тапканын аймактын администрация башчысы Олег Григоров дүйшөмбү билдирди. Анын маалыматына караганда, Шостка шаарында жарандык инфраструктура жайы жана 30 чакты имарат зыянга учурады.

Орусиялык аскерлер бул маалыматты комментарийлеген жок. Москва күн сайын кошуна өлкөнүн тынч шаар-кыштактарын аткылаганы менен аскердик объектилерди гана бутага алганын билдирип келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG