Ишембиде Орусиянын Санкт-Петербург шаарына, Ленинград облусуна дрон чабуулу болду. Аймактын бийлиги облустун үстүнөн алты, Петербургдан эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Петербургдун бийлиги Красносельский районунда жок кылынган дрондун сыныгы турак жайга тийип, терезелери күбүлгөнүн айтты. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
"Фонтанка" жазгандай, акыркы жолу учкучсуз аппараттар Петербургга чейин 2024-жылдын октябрында жеткен.
Ишембидеги чабуулдан улам Пулково аэропортунда каттамдар жапырт кармалды. Аба майдан кечке жуук гана ишин жандантты.
Москванын мэри Сергей Собянин башкалааны көздөй учурулган дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
23-августта Казан, Нижний Новгород, Тамбов, Самара, Калуга жана башка шаарлардын аэропортторунда да иш чектелип, каттамдар кармалды.
Орусиянын Юстиция министрлиги “чет элдик агенттердин” тизмесин толуктады. Бул жолу ага Кремлдин саясат таануучусу Сергей Марков да кошулду. Ал өзү тизмеге түшүнбөй турганын айтты:
"Бул жалаа.Биринчиден, мен чет элдик агент эмесмин. Экинчиден, менин эч кандай байланышым жок. Ооба, кээде алар балким ката кетириши мүмкүн. Мен бул боюнча эч нерсе билбейм", - деди Марков.
Кремлчил саясат таануучу Сергей Марков Орусиянын мамлекеттик каналдары менен радиолорундагы коомдук-саясий ток-шоулорго катышып турчу. Июлда ал Азербайжанда өткөн Шуша глобалдык медиа форумуна катышып, азери президенти Илхам Алиев тууралуу жакшы пикир айткандан кийин орусиялык өкмөтчүл блоггерлерден сынына кабылган.
Аталган тизмеге Марковдон тышкары музыкант Дмитрий Нюберг, дин кызматкери Андрей Кордочкин, Бурятиянын көз карандысыздыгын жактаган активист Раджана Дугарова, "Тамиздат" долбоору, AлифTV да кошулду.
Орусияда “чет элдик агенттер” мыйзамы 2012-жылы пайда болгон.
Сергей Марков Орусия Украинага басып кирген 2022-жылга чейин "Свобода" радиосунун эфирлерине катышып келген.
Москвада "Россия сегодня" мамлекеттик маалымат агенттигинин аткаруучу директору, орус президент Владимир Путиндин алдындагы адам укуктары кеңешинин мүчөсү Кирилл Вышинский кайтыш болду.
Бул тууралуу "Россия сегодня" агенттигине кирген РИА Новости жазып чыкты. 58 жаштагы Вышинский узакка созулган оорудан улам көз жумганы айтылды.
Ал Украинанын Днепропетровск (азыркы Днепр) шаарында туулуп, Орусиянын ВГТРК каналынын бөлүмүндө, кийин РИА Новости Украинада иштеген. 2018-жылы мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып камалган. Украин тарап аны Орусиянын пропагандасын жайылтып, РИА Новостиде антиукраиналык материалдарды таратууда кызматташкан деп айыптаган.
Вышинский бул айыпты четке каккан. Орусияда анын камалышы кеңири чагылдырылып, муну журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырган саясат кеңири жүргөн.
Эл аралык журналисттик уюмдар аны бошотууга чакырышкан.
2019-жылы Вышинский туткундар менен алмашылган. Ал кезде алмашуу азыркы украин президенти Владимир Зеленский бийлик тизгинин колго алгандан көп өтпөй ишке ашкан. Орус бийлиги анда Вышинскийдин ордуна бир нече украиналык саясий туткунду, анын ичинде кинорежиссер Олег Сенцовду абактан бошотуп, Украинага өткөрүп берген.
Орусияда Вышинский мамлекеттик медиаларга дароо эле жетекчилик кызматтарга коюлган, "Россия сегоднянын" аткаруучу директору болгон, 2023-жылдын октябрында ал Sputnik радиосунун башкы редактору болуп да дайындалган. Орусиянын мамлекеттик телеканалында Вышинский согуш башталганга чейин "Кадимки Украина" деген программаны алып барган.
Ал кезде шоудо пикир билдирген украиналыктар программанын журналисттери "украиналык медиаданбыз" деп алдап комментарий алганын айтышканын Би-би-си жазып чыккан.
2022-жылы Вышинский Орусиянын Украинага басып киришин колдогон, 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон.
Трамп: Эки апта ичинде Украина жана Орусия боюнча маанилүү чечим кабыл алынат
АКШнын президенти Дональд Трамп алдыдагы эки аптада Орусия жана Украина боюнча позициясын аныктай турганын билдирди.
"Эки жумадан кийин Орусиянын жана чынын айтканда, Украинанын дагы мамилесин түшүнөм деп ойлойм. Экөө тең керек. Эмне кыларыбыз боюнча чечим кабыл алам. Бул өтө маанилүү чечим болот. Мейли, масштабдуу санкциябы, тарифпи, же башкабы. Же эч нерсе кылбайм, "бул силердин согушуңар" деп айтам", — деди Трамп 22-августта Ак үйдө Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино менен жолугушууда.
Трамп украин жана орус президенттеринин ыктымал жолугушуусуна катышууну кааларын айтып, бирок көбү "ал эч кандай маселе чечпейт" деп эсептей турганын моюнга алды.
Politico жазгандай, Трамп сүйлөшүүлөрдө Москвага басым жасоону ниет кылбайт, Батыштын колдоосуна муктаж болгон Киев эпке келип, Орусия койгон шарттарга ылайыкташкан макулдашууга көнүшү керек деп эсептейт. Басылма АКШ президенти прогресс көрбөсө, сүйлөшүү процессине бат эле кызыгуусун жоготушу мүмкүн экенин белгиледи.
Коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөр, анын ичинде Украинанын аймагына чет элдик контингентти жайгаштыруу өзүнчө маселе туудура турганы айтылууда. Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүгө чакырып келген Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва саммитти болтурбоо үчүн “баарын жасап жатат” деди.