28-августка караган түнү Киев орус армиясынын кеңири чабуулуна кабылды. Дарницкий районунда ракета беш кабаттуу үйгө тийип, Днепровский районунда көп кабаттуу имарат бутага алынды. Кеминде 19 киши, арасында үч жаш бала өлүп, 45 жашоочу ооруканага түшкөнү маалым болду.
Киевдин 19 жаштагы тургуну Владислав Калашников уктап жатканда үйүнө сокку тийгенин айтып берди. "Жарылуу сезилди, ага удаа эле терезелер талкаланып, батирде будуң-чаң түшүп калды. Түтүн, айнектин сыныктары жайнайт. Эки жээнимди - бири эки жашта, экинчиси андан улуу алып чыктым. Андан кийин документтерди, кийим-кечени алып, балдарды кийинтип, баш калкалоочу жайга жеткирдим", - деди шаар тургуну.
Түнкү чабуулда Киевдин тургундары адаттагыдай метро станцияларда баш калкалап, тепкичтерде, поезд токтогон платформаларда таң атырды.
Киевдин аскердик администрациясы аба соккулары жети районго залака келтиргенин белгилеп, бир нече көп кабаттуу үйлөрдүн жана башка имараттардын тизмесин жарыялады. Шаардын чыгыш тарабындагы Дарницкий районунда беш кабаттуу үйдүн бир бөлүгү кыйрап, куткаруучулар бир нече саат бою уранды алдынан тирүү калгандарды издешти. Куткаруу кызматтары баш калаадагы 20дан ашуун жерде иштеп жатканы кабарланды. Түнку чабуулда шаардын бир нече жеринде өрт тутанды.
Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко жабыркагандар тууралуу бейшембиде эртең менен маалымат берди. "Жабыр тарткандар арасында эки бала бар: алардын бири - 14 жаштагы өспүрүм набыт болду, экинчиси оор абалда ооруканада. Киевде кеминде 40 адам жараат алды. Ракета менен чабуул коюшту, ушул имараттын жанына эки ракета тийгенин айта алабыз. Жакын жерде бир нече машине зыян тартканына караганда - кластердик курал тийди деп айтууга болот."
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевге жасалган кандуу чабуул Орусиянын эл аралык "дипломатияга жообун көрсөттү" деп билдирди.
"Орусия сүйлөшүү үстөлүнүн ордуна баллистикалык ракетаны тандайт. Ал согушту токтотуу ордуна адам өлтүрүүнү улантууну тандайт. Бул болсо Орусия дагы эле анын кесепеттеринен коркпой турганын айгинелейт. Орусия дүйнөнүн кеминде бир бөлүгү балдарды өлтүрүүгө көз жумуп, Путинди актоо үчүн шылтоо издеп жатканынан пайдаланып жатат", - деди украин лидери.
Зеленский ошентип дипломатия үчүн "ондогон мүмкүнчүлүк" жокко чыгарылганын айтып, Орусия "ар бир чабуулу үчүн, бул согуштун ар бир күнү үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш" деп билдирди.
Түнкү чабуулда Киевдеги Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн кеңсеси да зыян тартканы маалым болду. Евробиримдиктин шаркетти кеңейтүү иштери боюнча комиссары Марта Кос Х тармагына жарыялаган билдирүүсүндө Орусиянын агрессиясын айыптады.
"Мындай мыкаачылык менен жасалган чабуулдарды кескин айыптайм. Бул Орусия тынчтыкты эмес, террорду тандап жатканын ачык көрсөтөт. Биз өкүлчүлүктүн кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана бул агрессияга туруштук берип жаткан бардык украиналыктарга тилектешпиз", - деди комиссар Кос.
Киевде жайгашкан Британ кеңешинин кеңсеси турган имарат да олуттуу зыян тарткандыктан уюмдун иш тартибине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгенин жарыялады.
Орусия Украинадагы жай тургундарды, жарандык жайларды бутага алганын четке какканы менен Москва соңку айларда майдандан алыс жайгашкан украин шаарларына жана айыл-кыштактарына абадан чабуулдарын күчөттү.
28-августка караган түнү Украинанын борбор шаары Киев орус армиясынын кеңири чабуулуна кабылды. Дарницкий районунда ракета беш кабаттуу үйгө тийип, Днепровский районунда көп кабаттуу имарат бутага алынды. Киевдин бийликтери түнкү аба соккулары жети районго залака келтирип, кеминде 12 киши өлүп, 45 жашоочу ооруканага жеткирилгенин билдиришти.
Жалпы Украинага бейшембиге караган түнү 600дөй дрон чабуул койду, алардын 31и максатына жетти, - деп айтылат расмий Киев тараткан билдирүүдө.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 27-августка караган түнү Херсон, Полтава, Сумы облустарына орус армиясы 95 дрон учурганын, алардын 21и ар кайсы аймактарга кулаганын билдирди.
Херсон облусунда бейшембидеги чабуулдардан үч киши каза болгону, он чакты киши жараат алганы такталды. Полтава облусунун бийликтери чабуулдан айрым өкмөттүк имараттар, энергетика сектору жабыркаганын билдиришти.
Сумыда турак жай, жолдор талкаланып, бир нече киши жараат алды. Шаршембиде Донецк облусундагы шахтага тийген дүрмөттөн бир жумушчу каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген.
Украинанын бийлиги 26-августта мамлекеттик чек арадан өтүү тартибин жаңылады. Премьер-министр Юлия Свириденко билдиргендей, эми 18 жаштан 22 жашка чейин жигиттер согуштук абал мезгилинде чек аралардан тоскоолдуксуз өтсө болот.
"Бул чечим ар кандай себептер менен өлкө сыртында калган жарандарга да тиешелүү. Биз украиналыктар Украина менен байланышта болушу керек деп эсептейбиз", — деп жазды ал Телеграм-каналына.
Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан кийин Украинада 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин чет жакка чыгышына тыюу салынган.
Көп балалууларга, ыктыярчыларга, тажрыйба алмашкан студенттерге, дарыланууга бараткандарга жана башка жүйөлүү себептери барларга гана сыртка чыгууга уруксат берилген.
Мындай чечим мобилизацияны жана жарандардын мамлекетти коргоо боюнча конституциялык милдетин аткаруусун камсыздоо максатында кабыл алынган.