Орус армиясы 30-августка караган түнү Украинанын Запорожье шаарына сокку уруп, андан бир киши каза тапты, 22си жараат алды. Жараат алгандардын арасында үч бала бар.
Украинанын чукул кырдаалдар кызматы эртең менен куткаруучулар беш кабаттуу эки үйдө, беш жер тамда, кафеде жана техникалык тейлөө станциясында чыккан өрттү өчүргөнүн кабарлады.
Маалыматка караганда, жараат алган сегиз киши ооруканага жаткырылды, алардын үчөө 9, 10 жаштагы балдар жана 16 жаштагы кыз.
Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге караган түнү Украина 87 дрон менен чабуул койгонун, анын баары кармалып, жок кылынганын билдирди. Маалыматта дрондордун көбү - 30у Кара деңиз акваториясында атып түшүрүлгөнү белгиленген.
Калганы Ростов жана Краснодар аймагын бутага алганы айтылды. Мекеменин күнүмдүк маалыматында дрондор түндө Орусиянын он аймагында жок кылынганы жазылган.
28-августта Орусия Киевди жапырт аткылап, андан каза болгондор акыркы маалыматтарга караганда 25 кишиге жетти. Арасында төрт бала бар.
Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, “чет элдик агент” тизмесине киргендердин катарында публицист, блогер Анатолий Несмиян, юрист Борис Кузнецов, активисттер Ирия Везикко жана Юрий Бобров жана журналисттер Олеся Кривцова менен Евгений Кротенко бар.
Министрликтин маалыматында, бул адамдар Орусиянын бийлигинин жүргүзгөн саясаты, айрым чечимдери тууралуу "жалган маалыматтарды" тараткан жана "чет элдик агенттердин" контентин жаратууга же жайылтууга катышкан.
Олеся Кривцова норвегиялык Barents Observer басылмасынын журналисти. Ал 2023-жылы орус армиясын “дискредитациялоо” жана “терроризмди актоо” беренелеринин негизинде куугунтукка алына баштаганда Орусиядан чыгып кеткен.
Блогер жана публицист Анатолий Несмиян 2024-жылдын июнь айында “Экстремисттер жана террористтердин” тизмесине киргизилген. Анын айтымында, ага каршы "Терроризмди актоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Буга анын "Крокус Сити Холлдогу" терракт боюнча жазган посту негиз болгон.
“Чет элдик агент” түшүнүгү Орусиянын мыйзамдарына 2012-жылы киргизиле баштаган. Алгач бул макам чет элден каржылык жардам алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга берилчү. Кийинчерээк мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жарандык активист, журналист, укук коргоочу жана ЖМКга карата колдонула баштаган.
2025-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы "чет элдик агенттер" макамын ыйгаруу боюнча кеңири мыйзамдар топтомун кабыл алды.
29-августта кечинде Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Нью-Йоркто чукул жыйынга чогулат. Анда Украинанын делегациясы 28-августта Киевде Орусиянын аба соккуларынан канча киши өлүп, кандай жоготуулар болгону тууралуу маалымат берип, ок атууну токтотууга жана жай тургундарды коргоп калууга эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурат.
Ушул эле күнү Украинанын президенттик администрация жетекчиси Андрей Ермак жана Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Нью-Йоркто АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен сүйлөшүү өткөрөрү пландалган.
АКШ өкмөтү Украинага узак аралыктагы ERAM ракеталарын сатуу маселесин жактырды
Жалпысынан 825 миллион долларлык келишим аркылуу ERAM ракеталарынан сырткары аларды колдонууда керектелчү аппараттар, кошумча бөлүктөр жана программалык камсыздоо кошо берилери каралган. Каражатты Дания, Нидерланды, Норвегия жана АКШнын чет элдик аскердик финансылоо программасы бөлүп бермекчи.
АКШнын Мамлекеттик департаменти тараткан маалыматта бул демилге Украинанын жана жалпы региондун коопсуздугун бекемдөө, абадан коргонуу кудуретин күчтөндүрүү максатын көздөй турганы айтылат.
The Wall Street Journal басылмасы буга чейин эң узак дегенде 450 километрлик радиусту камтый ала турган ракеталарды сатуу маселеси АКШ-Украина-Орусия саммитинен кийин чечилет деп жазган эле.