Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен түшкөн учак GPS системасы иштебей калгандыктан Болгариянын Пловдив шаарына кагаз картанын негизинде конгону белгилүү болду.
Financial Times жана башка эл аралык басылмалар өз булактарына таянуу менен системанын бузулушунун артында Орусия турушу мүмкүн экенин жазышты.
Маалыматка караганда, Пловдивдеги аэропорттун навигациялык системасы иштебей калган. Натыйжада, учкуч аэродромдун үстүндө болжол менен бир сааттай айланып, учакты кагаз картанын негизинде кондурган. Учуу маршруту өзгөртүлгөн эмес. Бул учакты Еврокомиссия камсыздандырган.
Болгариянын бийлиги фон дер Ляйен түшкөн учак конор алдында GPS үзгүлтүккө учураганын калганын ырастады. София Евробиримдикке мунун артында Орусия турат деп шек санап жатканын кабарлаган.
Болгариянын Аба транспорту башкармалыгы "Азаттыктын" болгар кызматына Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан бери системаны басаңдаткан учурлар көбөйгөнүн маалымдады.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Орусиянын дарегине айтылган айыптарды четке какты.
Урсула фон дер Ляйен Болгарияга Балтия мамлекеттерине сапарынын алкагында 31-августта барган.
2025-жылдын 1-сентябрында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде уюмга мүчө өлкөлөр Тяньцзинь декларациясын кабыл алышты. Маалыматка караганда, ал документте Украина жөнүндө бир дагы пункт камтылган эмес.
"Бир өлкөнүн коопсуздугу башка өлкөнүн коопсуздугунун эсебинен камсыздалбашы керек", - деди Орусиянын президенти Владимир Путин.
Путин Кытайдын, Индиянын жана башка стратегиялык өнөктөштөрдүн украин кризисин жөнгө салууга кошкон салымын жогору баалап, Орусия менен АКШнын Аляскада өткөн соңку жолугушуусунда жетишилген түшүнүшүүлөр бул багытта тынчтыкка жол ачат деген үмүтүн кошумчалады.
Уюмга мүчө өлкөлөр коопсуздук жаатында биргелешип иш алып барууга даяр экенин билдирип, бул багытта жасалма интеллектке байланыштуу коркунучтар белгиленип, аскердик кызматташтыкты кеңейтүү максаттары айтылды.
Мындан тышкары, декларацияда төмөнкү маселелерге да токтолушту: мамлекеттердин өз аймагындагы интернетти көзөмөлдөө укугун таануу, баңгизат трафигине каршы кызматташтыкты кеңейтүү.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин Орусиянын президенти Владимир Путин жана Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн лидерлери менен Тяньцзин шаарында жолукту. 31-августтан 1-сентябрга чейин Кытайдын түндүгүндөгү Тяньцзин шаарында 20дан ашык лидер чогулду.
Путиндин ШКУ саммитине катышуусу анын Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын бир бөлүгү болуп, ал 3-сентябрда Бээжинде Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына арналган аскердик парадга катышат. Ошол эле кезде ал Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен да жолукту.
Уюмда 10 толук укуктуу мүчөдөн тышкары эки байкоочу мамлекет жана 14 өнөктөш өлкө бар. Ага Беларус, Кытай, Индия, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.
Украинанын Жогорку Радасынын мурдагы спикери, элдик депутат Андрей Парубийди өлтүрүүгө шектүү кылганы үчүн өкүнөрүн айтып, Орусия менен байланышта болгонун моюнга алды. Ал Орусиянын өкүлдөрү менен дайынсыз кеткен уулун издөө максатында байланышып жүргөнүн айткан.
Бул тууралуу "Азаттыктын" украин кызматы Украинанын укук коргоо органдарындагы булактарга таянуу менен жазды.
Украин Башкы прокуратурасы билдиргендей, кармалган киши 52 жаштагы Львовдун тургуну. Суракта ал уулу украин армиясында кызмат өтөп, 2023-жылы Бахмутта дайынсыз жоголгонун, ошондон бери аны издеп Орусиянын социалдык тармактарын изилдеп жүргөнүн, орусиялыктар (тек-жайы иликтенип жатат) менен баарлаша баштаганын, алар баласы курман болгонун айтканын билдирген.
Шектүү Орусиянын өкүлдөрүнө Львовдо жашай турганын, Андрей Парубийди бир нече жолу көргөнүн кабарлаган. Андан кийин аны өлтүрүүгө даярдык көрө баштаган.
Тергөө бул айтылгандарды иликтеп жатат.
Буга чейин украиналык "5 канал" өз булактарына таянып Орусиянын атайын кызматтары "шектүүгө уулунун сөөгү кайда экени тууралуу маалымат берерин айтканын" кабарлаган.
"Высокий замок" басылмасы "орусиялыктар белгилүү украин саясатчыларынын башына уулуңдун сөөгүн алмашабыз" дегенин жазган.
Украинанын Жогорку Радасынын экс-спикери, өлкөнүн Батышка багыт алышын колдогон саясатчы Андрей Парубий 30-августта Львовдо атып өлтүрүлгөн. Сөөгү 1-сентябрда коюлду. Аны менен коштошуу зыйнаты Киевдин Көз карандысыздык аянтында (Майдан) өтүп, жүздөгөн киши келди.
1-сентябрда Орусиянын күчтөрү Запорожье облусунда жайгашкан Пологи районунун Омельник айылына абадан сокку урду. Бул тууралуу Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров маалымдады.
Анын айтымында, соккуга көп кабаттуу үйлөр туш болгон. Кол салуудан бир нече үй талкаланып, алардын биринде жашаган 64 жаштагы жубайлар каза болгон.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аба күчтөрү билдиргендей, 1-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына жалпы 86 дрон менен сокку жасаган. Алардын 76сын Украина атып түшүрдү.
Сумы облусуна болгон чабуулдан эки адам жаракат алды.
Орус армиясы 30-августка караган түнү да Украинанын Запорожье шаарына сокку уруп, андан бир киши каза тапты, 22си жараат алган, арасында үч бала бар.
Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.