Орусиянын мурдагы президенти, учурда Коопсуздук кеңешинин төрага орун басарлыгын аркалаган Дмитрий Медведев Финляндиянын дарегине опуза камтылган макала жазды. Орус мурдагы президентинин авторлугундагы “Финдердин жаңы доктринасы: акмакчылык, жалган, жакшылыкты билбегендик” деп аталган макала ТАСС мамлекеттик агенттигинде жарыяланды.
Анда Медведев Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Финляндия гитлердик Германия менен биригип алып СССРге кол салган деп айыптаган. Макалада экс-президент Финляндиянын азыркы жетекчилиги реваншисттик пландарды түзүп жатат деп сындаган.
Медведев финдердин НАТОго кошулушун, Украинага жигердүү колдоо көрсөтүшүн Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки келишимдерди бузуу деп сыпаттап, СССРге келтирилген чыгым үчүн Финляндиядан кошумча репарация талап кылса болорун кыйыткан.
Ошондой эле соңку учурда Батыш дарегине ачуу, айрым учурда орунсуз сын айткан орус саясатчысы фин бийлиги “Орусия менен согушка багытталган конфронтациялык курска түштү, чабуул коюу үчүн плацдарм даярдап жатат” деген шектенүүлөрүн бөлүшкөн.
Буга байланыштуу “Биз менен каршылашуу фин мамлекеттүүлүгүн толугу менен жок кылышы мүмкүн. 1944-жылдагыдай аларды эч ким аяп отурбайт” деп Финляндияны ачыктан ачык эле опузалаган.
Дмитрий Медведевди мындай макала жазууга эмне түрткү болгону белгисиз.
Финляндия Орусия согуш ачкандан бери Украинага активдүү колдоо көрсөтүп келет. Бул өлкөнүн президенти Александр Стубб АКШ президенти Дональд Трампты Украинанын кызыкчылыгы үчүн ынандырууга аракет кылган лидерлердин бири болууда. Август айында ал украин президенти Владимир Зеленскийди Вашингтонго коштоп барган европалык лидерлердин катарында болгон.
Орусия менен чек аралаш Финляндия Кремлдин ыктымал бутасында турган Европадагы НАТОго мүчө өлкөлөрдүн бири экени көптөн бери айтылып келген. Бул өлкөнүн саясатын Кремлди жактаган бир нече фигура буга чейин эле сындап, опузалаган учурлар көп эле болгон.
Бирок Медведев муну ачык айткан жогорку кызматты ээлеген орус саясатчысы болуп калды.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы соңку чабуулунан улам бул согуштун айланасындагы түзүлгөн азыркы абалга нааразылыгын билдирди. 7-сентябрга караган түнү Украина Орусиянын согуш башталган 2022-жылдын февралынан берки эң катуу соккусуна кабылган. Ондогон дрон жана ракета чабуулунан бир нече жайкын тургундун өмүрү кыйылып, борбор калаа Киевде Өкмөт үйүнүн имаратында өрт чыккан.
"Ал жактагы окуялар мени кубандырып жаткан жери жок. Маселени чечебиз деп ишенем. Бирок мен аларга капамын, бул согушка байланыштуу болуп жаткандын баарына мен капамын", - деди Трамп 7-сентябрда Мэриленд штатындагы Эндрюс аба күчтөрүнүн базасына барганда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Кошмо Штаттардын президенти ошондой эле жакынкы арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнү жатканын айтты:
"Эң жакынкы аралыкта. Алдыдагы бир нече күн ичинде".
Трамп Путин менен сүйлөшкөнү жатканын 5-сентябрда да айтып, орус президенти менен "абдан жакшы диалог болгонун" билдирген.
7-сентябрда Трамп журналисттердин Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкциялардын “экинчи фазасына” өтүүгө анын даярдыгы тууралуу суроосуна "ооба" деп кыска гана жооп берди.
Буга чейин ал согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине макул болбосо Орусияга карата кошумча санкцияларды жарыялоо ыктымалдыгын четке каккан эмес. Владимир Путин менен Аляскада жолуккандан кийин АКШ президенти Москванын позициясына карап эки жумадан кийин чечим кабыл аларын айткан.
Батыш лидерлери жана АКШ президентинин Украина боюнча атайын өкүлү Кит Келлог орус аскерлеринин 7-сентябрдагы кандуу чабуулун Орусия тынчтыкты каалабай турганынын дагы бир белгиси деп аташты.
АКШнын финансы министри Скотт Бессент жекшембиде NBC News агенттигине курган маегинде Кошмо Штаттар "Орусияга кысымды мындан ары да күчөтүүгө" даяр экенин, бул АКШнын Евробиримдиктеги өнөктөштөрүнүн ушундай эле аракеттери менен бирге болорун айтты. Министр Орусиянын мунайын сатып алууну уланткан өлкөлөргө карата кошумча санкцияларды жана алымдарды киргизүү орус экономикасынын кыйрашына алып келерин, Путинди кепке келтирүү аракети болорун белгиледи.
Орусиянын 7-сентябрдагы чабуулдарынан Украинанын борбор калаасы Киевде өкмөт имараты жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Юлия Свириденко Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Биринчи жолу душмандын чабуулунан өкмөттүн имаратына, чатырына жана жогорку кабатына зыян келди”,-деп жазды украин өкмөт башчысы.
Ал учурда өрт өчүрүүчүлөр өкмөт имаратындагы өрттү өчүрүп жатканын кошумчалады.
7-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына ракета жана дрондор менен чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, орус армиясы 800дөн ашык учкучсуз аппарат жана 13 ракета кое берген. Бул согуш башталгандан берки Украинанын борборуна жасалган эң ири чабуул болуп калды.
Украин бийлиги акыркы чабуулдан соң дүйнөлүк коомчулукка кайрылып, Орусияга басымды күчөтүүгө чакырды.
Орус армиясы 7-сентябрдын таңында Украинанын бир нече аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен кезектеги жапырт чабуулун койгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлап жатышат.
Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаарда бир улгайган аялдын өмүрү кыйылды, көп кабаттуу үйлөрдүн кеминде төртөөнү жана автомашиналарды өрт каптады.
Киев шаардык аскердик администрация башчысы Тимур Ткаченко үйлөрдүн бирине учактын сыныгы түшүп, дагы бир өмүр кыйылганын, уранды астынан куткаруучулар бир жашар наристенин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Анын айтымында, кеминде дагы 11 киши ар кандай жараат алды, арасында кош бойлуу бир келин бар.
Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы борбор шаар "Искандер-К" канаттуу ракеталарынын чабуулуна кабылганын билдирди.
Кривой Рог шаарында соккулардан үч жерде транспорттун ишине тоскоолдук жаралганы, Запорожьеде мамлекеттик ишканалардын биринде өрт тутанганы, Кременчуг шаарында ондогон жарылуу болгону, Одесса жапырт аткылоо астында калганы, үйлөр жана башка имараттар зыян тарканы маалымдалууда.
Согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат.