Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Түз ободо Трамп Tomahawk боюнча чечими "дээрлик" кабыл алынганын айтты

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:07 10.9.2025

Польшанын абадан коргонуу күчтөрү өлкөнүн аба мейкиндигине тыштан кирип кеткен учкучсуз учуучу аппараттарды жок кылышты. Бул тууралуу 10-сентябрда эртең менен Польшанын куралдуу күчтөрүнүн ыкчам командачылыгы билдирди.

Билдирүүдө өлкөнүн аба мейкиндиги Орусиянын Украина аймагына жасаган аба соккулары учурунда “дрон сымал объектилер” менен бир нече жолу бузулганы айтылат. Польшанын аскерлери бул объектилерди жок кылуу үчүн курал колдонгон. Маалыматка ылайык, аскерий операция уланууда. Подляска, Мазовецк жана Люблинск аймактарынын жашоочуларына үйдөн чыкпай туруу зарыл экени эскертилди.

Reuters агенттиги АКШнын Жарандык авиация башкармалыгына шилтеме кылып Польшанын төрт аба майданында, анын ичинде Варшавадагы Шопен аэропортунда иш убактылуу токтотулганын жазды.

Украинанын аймагына жасалган аба соккулары учурунда Польшанын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалыматтар буга чейин дагы чыккан. Бирок Польша абадан коргонуу күчтөрүн колдонгон алгачкы учур экенин Reuters жазды.

13:06 10.9.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүнө Пекин менен Делини Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алууну кыскартууга же токтотууга көндүрүү үчүн Кытай менен Индиядан ташылган товарларга жогорку импорттук бажы алымдарын киргизүүнү сунуштады. Трамптын айтымында, АКШ дагы ушундай эле тариф киргизет.

Американын маалымат каражаттары жазгандай, мындай сунушун Трамп ушул тапта администрациясынын жогорку өкүлдөрү менен келечектеги санкцияларды талкуулап жаткан ЕБ делегациясы менен телефондон сүйлөшкөн учурда айтты.

АКШнын президенти эки өлкөнүн импортуна 100% пошлина киргизүү мүмкүнчүлүгүн билдирген.

The Financial Times басылмасынын Ак үйдөгү булагы президент "мындай кадам Кытай мунай сатып алуудан баш тартканга чейин кармалып турушу керек" деп эсептейт.

Америкалык жана европалык өкүлдөрдүн жолугушуусуна Украинанын премьер-министри Юлия Свириденко катышып, Орусияны согушка жумшаган ресурстарынан ажыратуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Август айында президент Трамп Дели орус мунайын сатып алууну кыскартуудан баш тартканы үчүн индиялык товарларга импорттук алымдарды эки эсе кыскартып, 50 пайызга чейин түшүргөн. Учурда кытай товарларынын көбүнө 30 пайыздык салык төлөнөт. Дональд Трамп Кытай менен соода сүйлөшүүлөрүн узартып, бул өлкөнүн импортуна тарифтин 145% чейин көтөрүлүшүн кийинкиге жылдырган.

13:06 10.9.2025

Францияда президент Эммануэл Макрон өкмөттүн жаңы башчысы кылып коргоо министри Себастьен Лекорнюну дайындады. 39 жаштагы жаңы премьер-министр Макрон 2017-жылы президент болуп шайлангандан бери өкмөттө туруктуу иштеп келаткан жалгыз министр.

Аны Макрондун ишенимдүү өкүлү деп аташат, ал Орусиянын кол салуусуна кабылган Украинага аскердик жардамды күчөтүүнү, улантууну жактаган француз саясатчыларынын бири катары таанымал.

Соңку эки жылдан бери Францияда ушуну менен өкмөт башчы бешинчи жолу алмашып олтурат. Буга чейинки премьер-министр Франсуа Байру тогуз ай иштеди, 8-сентябрда парламент анын бюджеттик реформаларына байланыштуу ишеним көрсөтпөө жарыялаган. Ал өкмөт өтө сарамжал иштеп, бюджеттеги киреше менен чыгашанын айырмасын кескин азайтуусу керек деген саясат жүргүзүп жаткан.

Бир жыл мурда Макрон ашынган оңчул күчтөрдүн бекемделишине жол бербөө максатында парламентти таркатып, жаңы шайлоо жарыялаган. Шайлоодо жеңип келген партиялар парламенттин төмөнкү палатасында үч топко бөлүнүп, бири да көпчүлүктү түзө албай жатат.

13:05 10.9.2025

9-сентябрда Украинанын Донецк облусунун Яровая кыштагында Орусиянын соккусунан каза болгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу Донецк облустук администрациясынын башчысы Вадим Филашкин билдирди. Мындан тышкары, анын айтымында, 18 адам жаракат алды, үчөнүн абалы оор.

«Орусия пенсия берилип жаткан учурда жай тургундарды бутага алды. Бул аскердик аракет эмес, бул террорчулук. Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар, дарыгерлер, полиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштеп жатат», — деп жазды Филашкин.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский шейшембиге караган түнү орус армиясы абадан жапырт чабуул койгонун, алардын 23ү он аймакта максатына жеткенин билдирген. Запорожье облусунун жетекчилери бул түнү аймакка 474 сокку урулганын, эки дрон менчик үйлөргө тийип, бир аял каза таап, дагы бирөө жараат алганын, көпчүлүк үйлөр согуштан улам бош турганын кабарлашкан.

Орусия соңку чабуулдар боюнча комментарий бере элек.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG