Шостка-Киев багытында каттаган жүргүнчү поезди Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылганын Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров билдирди.
Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба орусиялык аскерлер Шосткадагы темир жол бекетине эки ирет сокку урууга аракет кылган. Биринчи сокку Терещенская-Новоград-Северский каттамындагы жүргүнчү поездинин локомотивине тийди.
Кулебанын маалыматында, жүргүнчүлөр эвакуациялана баштагандан кийин экинчи сокку Шостка-Киев поездинин электровозуна тийген. Соккунун кесепетинен бир адам каза болуп, жети киши жараат алганы маалымдалды. Орусияны колдогон NEXTA live Телеграм-каналы соккулардын биринин видеосун жарыялады, анда сокку "Шахед" дрону менен жасалганы көрсөтүлгөн.
Украинада адам өлүмүнө алып келген бул окуяга байланыштуу аскердик кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган.
Өткөн түнү Орусиянын Ленинград облусундагы Кириши шаарына дрондон чабуул болду. Бийлик абадан коргонуу системалары иштегенин жана “өнөр жай зонасында өрт чыкканын” билдирди.
Облустун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, шаар үстүнөн жети дрон атып түшүрүлдү.
Astra Телеграм каналы күбөлөрдүн сүрөттөрүнө жана видеолоруна шилтеме берип, “Киришинефтеоргсинтез” (КИНЕФ) мунай иштетүү заводунда өрт чыкканын жазды. Бул – Орусиядагы эң ири мунай кайра иштетүүчү ишканалардын бири. Ал жай мурда да дрон чабуулдарына кабылган.
Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү абадан коргонуу системасы 117 украиналык дронду атып түшүргөнүн билдирди. Алардын көбү Брянск, Волгоград жана Курск облустарында байкалган.
Украинада Орусиянын 2-октябрдагы куралдын бир нече түрүнөн аралаш соккуларынан Донецк, Харьков жана Херсон облустары жабыркаганын, жапырт аткылоонун кесепетинен бир кишинин өмүрү кыйылып, 11 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Ал эми 3-октябрга караган түнү учкучсуз учактардын чабуулуна Днепропетров облусу кабылганын башчысы Сергей Лысак маалымдады. Анын айтымында, Днепрде өрт тутанып, азыркы тапта аны өчүрүү аракети көрүлүп жатат. Айрым жерлерде жер тамдар зыян тартканы маалымдалды.
Полтава облусунда, жергиликтүү администрациянын маалыматына караганда, энергетика объектилери жабыркады.
Запорожье облусунда фугастык авиабомбалардан төртөө жана FPV дрондор учурулганын, 50 жаштагы аял жана 29 жаштагы эркек жараат алганы, гараж жана машина толук күйүп кеткени айтылды.
"Радар" мониторинг каналы эсептеп чыккандай, жумага караган түнү орус аскерлери 200дөн ашуун учкучсуз учак, 17 канаттуу ракета жана 7 баллистикалык ракета учурушту.
Орусияда Пермь крайынын Березники шаарында жайгашкан "Азот" химия заводу учкучсуз учактардын чабуулуна кабылганын аймактын башчысы Дмитрий Махонин 3-октябрда кабарлап, бул үчүн Украинаны айыптады.
Губернатордун айтымында, технологиялык цикл бир саамга токтоп, азыр ишкана кадимки тартибинде иштеп жатат.
"Экологиялык абалга коркунуч жок, адамдардын коопсуздугуна да коркунуч келтирген эч нерсе жок", - деген Махонин турак үйлөрдүн бири зыян тартканын, адамдар арасында жоготуу катталбаганын кошумчалады.
Ал эми бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары химиялык заводдун аймагында кеминде эки жолу жарылуу болгонун жергиликүү тургундар айтып бергенин жазышты.
"Азот" заводу жер семирткич өндүрүлүүчү ири ишканалардын бири. Ал жерде жардыргыч заттар үчүн да компоненттер жасалат.
Березники шаары Украинанын чек арасынан дээрлик 1,5 миң чакырым алыс жайгашкан аймак.
Орусиянын Коргоо министрлиги Пермь крайындагы сокку тууралуу расмий маалымат берген жок. Болгону 3-октябрга караган түнү Кара деңиздин акваториясында, Воронеж, Белгород жана Курск облустарында, аннексияланган Крым жарым аралында Украинанын кеминде 20 согуштук дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган, ошондон бери куралдын көптөгөн түрлөрүнөн күн сайын аткылап келатат.