Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде Кабулдагы бийлик аялдарга басым-кысымды күчөткөнүнө токтолду. Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттердин адвокаттары тергөөдө Конституция жана мыйзамдар бузулганын билдирип, муну саясий иш деп баалашты. Кыргызстанда баш-аягы тогуз турак жай кооперативдеринин жетекчилери кармалды. Аларга каражат салгандардын көбү үй ала албай же акчасын кайтара албай жүрүшөт.
"Талибан" кыз-келинге университеттин эшигин жапты
Ооганстандын талибдер башкарган өкмөтү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттердин адвокаттары тергөөдө Конституция жана мыйзамдар бузулганын билдирип, муну саясий иш деп баалашты. Кыргызстанда баш-аягы тогуз турак жай кооперативинин жетекчилери кармалды.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 05, 2025
"Шайлообек жаңы ырларын биринчи мага окутат"
-
Октябрь 04, 2025
Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу узарды
-
Октябрь 03, 2025
АКШнын Tomahawk ракетасы Москваны чочулатат
-
Октябрь 03, 2025
Шайназаров: "Бир талапкерге миң үгүтчү көп деп ойлойм"
-
Октябрь 02, 2025
Караколдо окуучу сабалган окуяны бийлик териштирет