Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Эл аралык топ Газада ачарчылыктын деңгээли кооптуу чекке жеткенин билдирди


Газа
Газа

Газада жарым миллиондон ашуун палестиналык ачарчылыктын кооптуу чегинде жашап атта. Бул тууралуу 21 мамлекеттин эл аралык гуманитардык уюмдарынан турган топтун отчетунда айтылат.

Анда 517 миңдей палестиналык толук масштабдуу ачарчылыктын бешинчи баскычында, дагы 1,07 миллиондойу төртүнчү, 396 миңи үчүнчү баскычында экени жазылган.

Газа секторунда эки миллионго чукул киши жашайт. Изилдөөчү топ ачарчылыкты беш баскычка бөлүп караган. Биринчи баскычында негизи азык-түлүктөр бар экени, ал эми акыркысындагылар ачкачылыктан улам өлүм коркунучуна кептелгени айтылат.

Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.

Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.

Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат. Жашоочулар ачарчылыктан жапа чегүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG