Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:25

Касымалиев Казарман жана Көкөмерен каскаддарын курууга түрк ишкерлери 6 миллиард доллар саларын билдирди


Казарман жана Суусамыр-Көкөмерен каскаддарын курууга түркиялык ишкерлер 6 миллиард доллар каражат салат. Тиешелүү келишимге кол коюлганын 25-августта бир катар министрликтерге кызматтык унааларды тапшыруу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, аталган энергетикалык объектилерди курууга түрк ишкерлери кызыкдарлыгын билдирип, 2024-жылы “Борбор Азия Инвестициялык Холдинг” компаниясы түзүлгөн.

“Каскаддардын жалпы кубаттуулугу 2200 МВтты түзөт. Инвестор инвестиция катары 6 млрд доллардан ашык каражатты салуу боюнча келишимге кол койду”, — деп билдирди.

2023-жылы кыргыз өкмөтү Казарман ГЭСтер каскадын куруу тууралуу кытайлык компания менен инвестициялык келишим түзүлгөнүн кабарлаган. Бирок келишимдин аткарылганы жөнүндө маалымат болгон эмес. Быйыл августта аталган энергетикалык объект жана Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу боюнча түрк ишкерлери менен жаңы келишим түзүлгөнү расмий кабарланган. Ага ылайык, инвестор узундугу 340 км болгон 500 кВт электр линиясын куруп, аны “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү, ГЭС курулгандан кийин инженер адистерди даярдоо, Энергетика министрлигине жана медицина тармагына атайын техника берүү милдетин да алганы айтылган.

Казарман ГЭС каскады Нарын дарыясында жайгашып, курамында төрт ГЭС болот. “Орто Азия инвестициялык Холдинг” компаниясы каскаддын үч ГЭСин курууга кызыкдар.

  • Алар:
    Ала-Бука ГЭСи - 600 МВт;
    Кара-Булуң-1 ГЭСи - 149 МВт;
    Кара-Булуң-2 ГЭСи - 163 МВ. Жалпы кубаттуулугу 912 МВт.

    Ал эми Көкөмерен ГЭС каскадынын курамында үч ГЭС бар.
    Алар:
    Каракол ГЭСи - 33 МВт,
    Көкөмерен ГЭСи1 - 360 МВт,
    Көкөмерен ГЭСи-2 - 912 МВт. Жалпы кубаттуулугу 1305 МВт.


Шерине

XS
SM
MD
LG