Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:34

АКШ - Борбор Азия саммити: "Кыргызстан чоң долбоорлордон четтеп калбашы керек"


Шайырбек Жороев
Шайырбек Жороев

мазмуну

  • АКШ президенти Дональд Трамп Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларын Вашингтонго саммитке чакырды.
  • Саммитте минералдык ресурстар, транзиттик долбоорлор жана Орусияга каршы санкциялар талкууланышы мүмкүн.
  • Экперттер президент Жапаров Кыргызстан менен АКШнын экономикалык алакаларын жана аймактык долбоорлордон сыртта калбоону талкуулашы зарылдыгын белгилешет.

6-ноябрда Вашингтондо өтө турган "АКШ - Борбор Азия" C5+1 саммити чөлкөмдөгү геосаясий жана экономикалык алакаларды талкуулоого багытталган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтонго Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчыларын чакырды. Президент Садыр Жапаровдун администрациясы иш сапарга даярдык көрүлүп жатканын билдирген.

2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн. Акыркы жылдары “Борбор Азия - Кытай”, “Европа Биримдиги – Борбор Азия”, “Борбор Азия –Германия” жана “Борбор Азия - Орусия” сыяктуу бир катар жолугушуулар уюштурулду.

АКШ-Кыргызстан алакасы, алдыдагы С5+1 саммиттин максаты тууралуу Crossroads Central Asia изилдөө институтунун директору Шайырбек Жороевге "Азаттык" бир нече суроо узатты.

- Дүйнөдө геосаясий окуялар кызып турган чакта Вашингтондо өтчү саммитте кандай маселелер талкууланат деп ойлойсуз?

- Мындай саммиттерде талкуулана турган темалардын тизмеси алдын ала айтылбайт, албетте. Бирок менимче негизинен үч чоң тема көтөрүлүшү мүмкүн.

Биринчиден, азыркы маалда бүт эле өлкөлөрдүн – Кытай, Ервопа, АКШнын кызыкчылыгы бул тоо-кен тармагындагы минералдык ресурстарга барып такалат. Борбор Азияда Казакстандын, Өзбекстандын андай табигый байлыгы мол. Ошого жетүүнүн жолу - Кошмо Штаттар үчүн артыкчылыктуу маселе.

Экинчиден, соода, транзит жаатында “Орто коридор” деген чоң, стратегиялык маанидеги долбоорлор бар. Ошолорго АКШ кантип кошулушу мүмкүн деген америкалыктардын артыкчылык берген багыттары бар.

Үчүнчүдөн, АКШ Орусияга каршы салган санкцияларды Борбор Азия канчалык сактап жатат же канчалык ага каршы иштеп жатат деген маселени көтөрүшү мүмкүн. Бул маселе каралбай калышы да мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да биз ага даяр болуп баруубуз керек.

Албетте, буларга кошумча дагы коопсуздук, баңгизатка каршы күрөш сыяктуу дайыма актуалдуу болуп келаткан темалар да болушу мүмкүн. Бирок менимче бул жолу минералдык ресурстар жана транзит тууралуу маселелер каралат го дейм.

- Борбор Азияга Орусия менен Кытайдын таасири күчөп турган маалда бул саммит Кошмо Штаттар үчүн канчалык маанилүү?

- Албетте, Кошмо Штаттар үчүн Борбор Азия маанилүү аймак. Бирок саммиттин ролун өтө жогору баалоодон мен алысмын. 2023-жылкы биринчи саммитте Жо Байден менен Борбор Азиянын беш президенти жолукканда өтө көп пикирлер айтылып, бул "тарыхый окуя" катары бааланган. Мен ошондо анын тарыхый окуя болгонун же андай эместигин алдыдагы жылдар көрсөтөрүн айткан элем. Азыр карасам, эки жылдан кийин биздин мамилелерде өтө чоң өзгөрүүлөр болуп кеткен деле жок. Ошондуктан бул жолку саммит символикалык мааниге ээ. Америка үчүн негизги мааниси – биз Борбор Азия менен мамилебизди үзгөнүбүз жок, кайсы бир темалар боюнча алакабызды күчөткүбүз келет деген эле кадам. Анан ошол эле C5+1 саммиттин форматы уюшулганына 10 жыл болуптур, ошого байланыштырып да өткөрүп жатышат.

-Борбор Азия өлкөлөрү тышкы саясаты көп векторлуу экенин белгилешет. Чөлкөмдүн өлкөлөрү Вашингтон, Москва жана Бээжин менен канчалык деңгээлде тең салмактуу саясат жүргүзө алат?

- Көп векторлуу тышкы саясат жана тең салмактуулук деген эки башка нерсе. Борбор Азиянын бардык мамлекеттери "тышкы саясатыбыз көп векторлуу" деп билдиргени менен бул ошол эле Кытай, Европа, Орусия же АКШ менен бирдей мамиледебиз дегенди туюнтпайт. Албетте, АКШ да, Кытай да, Орусия да Борбор Азиянын географиялык абалын түшүнөт.

Биздин мамлекеттер үчүн эң негизгиси – биздин Вашингтон менен мамилебиз башка өлкөлөрдүн мамилесинен көз каранды болбошу керек. Ошондой эле Борбор Азиянын Бээжин же Москва менен мамилеси Америка менен алакабызга таасир этпеши керек. Ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы бар жана биз өзүбүздү ойлобосок, башка бирөө келип биздин кызыкчылыгыбызды коргобойт.

Ошондуктан тышкы саясаттагы чоң мамлекеттер менен болгон мамилелерде эрежени шахмат талаасындай кабыл албай, кырдаалга жараша кемчилигибиз, артыкчылыгыбыз жана кызыкчылыгыбызга туура келгидей кылдаттык менен ишти жүргүзө берүү керек. Тең салмактуу болбосо да ар бир мамлекет менен мамиле курганга укугубуз бар, кызыкчылыктарыбыз бар дегенди карманган туура. Көп векторлуу мамиле деген ушул, албетте, аны урматтап, уланта берүү абзел.

- Украинада уруш уланып жатканда Вашингтондун 5+1 форматындагы кызматташууну жандантып жатканы Москвага кандай белги болот?

- Бул эми Москва үчүн көп деле жаңылык эмес. Азыр Борбор Азия менен бул форматта жолукпаган мамлекет калган жок. Кытай, Европанын ар бир мамлекети, Индия, Түркия да жолугушуу уюштурган, бул чоң жаңылык эмес. Арийне, самиттин алдында жана ал өткөрүлгөндөн кийин Орусиядагы маалымат каражаттарында бул иш-чара боюнча бир топ терс комментарийлер чыгат, ал кадимки эле көрүнүш. Бирок иш жүзүндө Москвадагы саясатчылар үчүн бул саммиттин болгону жаңылык да, өзгөрүү да эмес, аны баары түшүнүп турат.

- Борбор Азия чөлкөмү геосаясий кызыкчылыктар атаандашкан жер эмеспи. Саясий таасир, энергетикалык ресурстар үчүн күрөш уланып жатканда Кошмо Штаттар чөлкөмдөгү маанилүү стратегиялык энергетикалык жана инфраструктарлык долбоорлорго келгенде Кытайга канчалык атаандаш боло алат?

- Кыскача жооп берсек, атаандаш боло албайт. АКШ менен Кытайды салыштыра келсек Борбор Азия үчүн географиялык жактан экөөнүн жагдайы такыр эки башка. Кытай биздин коңшубуз, ал эми АКШ алыста жайгашкан. АКШ Кытайгабы же Орусиягабы чыныгы атаандаш болуш үчүн жогорку деңгээлдеги саясий сөздөрдөн тышкары жеке менчик, инвестиция, соода жана бизнес жаатында алакасын күчөтүшү керек.

Азырынча АКШ менен Борбор Азиянын алакасы негизинен жогорку деңгээлдеги саясий гана мамиледе. Андай шартта чыныгы атаандаштыктын болушу кыйын. Албетте, Борбор Азия чоң мамлекеттер үчүн дүйнөдөгү көп чөлкөмдүн бири гана.

Кытай менен АКШнын атаандаштыгы абдан күчтүү, Түштүк-Чыгыш Азияда болобу, Европада болобу, айтор дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун атаандаш жана ал улана берет. Бул табигый көрүнүш, албетте.

Борбор Азияга Кытай жакын, андыктан экономикалык алакабыздын деңгээли да кескин айырмаланат, ошондуктан аларды салыштыруу да өтө кыйын.

- Кошмо Штаттар аскер күчтөрүн Ооганстандан чыгарып кеткенине төрт жылдан ашты. Борбор Азиядагы коопсуздук, анын ичинде ооган маселеси Вашингтон үчүн канчалык маанилүү?

- Вашингтондогу азыркы президенттик администрация үчүн Ооганстан боюнча көп деле маселе жок. 2001-жылдан кийинки Ооганстан менен бүгүнкү Ооганстан таптакыр башка маселе.

Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы маселелерде азыр негизинен экономикалык, минералдык ресурстар, транзиттик жолдор артыкчылыкка ээ. Экинчи орунда мүмкүн геосаясий суроолор, тагыраагы Борбор Азия менен Кытайдын, Орусиянын мамилеси АКШ үчүн өтө маанилүү.

Бирок Ооганстандагы коопсуздук маселелери артыкчылыкка ээ эмес. Кайсы бир деңгээлде Ооганстан коопсуздук жаатында кандайдыр бир маселелерди жаратышы ыктымал, тынчсыздануу болушу мүмкүн, ал биз үчүн өтө маанилүү.

Биздин президент Жапаров БУУда сүйлөгөн сөзүндө Ооганстанды баса белгилеп, бул мамлекет менен мамиле курууну баштоо зарылдыгын айткан. Бирок 6-ноябрга белгиленген саммитте Ооганстан көңүл чордонунда турган тема болбойт.

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Вашингтонго барганда Кыргызстан – АКШ алакасындагы кайсы маселелерге олуттуу көңүл буруп, америкалык тарап менен талкуулашы керек деп ойлойсуз?

- Бул саммитти АКШ уюштуруп, президенттерди Трамп чакырууда. Ошондуктан талкуулана турган маселелердин 90% Вашингтондун чечими болот. Бирок, албетте, биздин президенттер, анын ичинде Кыргызстандын мамлекет башчысы өзүнүн приоритети менен барат.

Кыргызстан үчүн азыркы учурда АКШ менен экономикалык жаатта алаканы күчөтүү маанилүү. Ал эми мен жогоруда айткан минералдык ресурстар, транзиттик жолдор деген тема негизинен Казакстан менен Өзбекстанга тиешелүү. Ал эми Кыргызстандын кызыкчылыгы – четте калбаш керек. Тажикстан менен Кыргызстан тоолуу өлкөлөр, географиялык жактан карасак жол маселеси турат. Андыктан биз үчүн анчейин маанилүү эмес.

Ошол эле учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу бар. Ал деле “Орто коридор” деген транзиттик жолдун бир бөлүгү. Эң башкысы - Кыргызстан чоң долбоорлордон сыртта калбашы керек.

Экинчиден, Орусия менен АКШнын ортосундагы санкциялар маселеси барган сайын курчуп, Европа да, АКШда бул жаатта санкцияларды катаалдатуунун гана үстүндө. Кыргызстан үчүн буга чейин бул көрүнүш кандайдыр бир мүмкүнчүлүк жаратып келген болушу мүмкүн. Бирок ушул маселеде кылдаттык менен балансты кармап, эки жакка ооп кетпей, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды кантип сактап калабыз дегенге даяр болуп барышыбыз керек.

Мурдагыдай жарандык коом же болбосо сөз эркиндигине байланыштуу салттуу темалар бул саммиттин алкагында көп деле роль да ойнобойт.

"Борбор Азияда АКШ Кытайга атаандаш боло албайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:50 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG