Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Украиналык дрондор Орусиянын он чакты аймагына, Туапсе портуна чабуул койду


Краснодар. Туапсе. Архив
Краснодар. Туапсе. Архив

Орусиянын Краснодар аймагындагы Туапсе портунда 2-ноябрга караган түнү украиналык учкучсуз аппараттар танкер жана мунай куюучу терминалга чабуул койду. Бул тууралуу аймактын ыкчам штабы кабарлады.

Маалыматта дрон сыныктары танкерге түшүп, өрт чыкканы айтылат. Мындан тышкары терминалга, темир жол бекетинин имаратына зыян келтирилгени кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, жараат алгандар жок.

Astra Телеграм каналы порттогу чабуулдан кийин кеминде үч жерде өрт чыкканын жазды.

Ростов облусунун Ленинаван хуторунда дрон чабуулунан эки киши жараат алганын аймактын башчысы Юрий Слюсарь кабарлады. Эки жер тамга зыян келтирилип, автоунаа күйүп кеткени айтылды.

Ростов-на-Дону шаарынын Первомайск районунда металл ангарына зыян келтирилип, балдар бакчасынын терезеси күбүлгөн. Слюсардын айтымында, жараат алгандар жок.

Липецк облусунда подстанция бутага алынганын Astra жергиликтүү тургундарга таянып билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембидеги күнүмдүк маалыматында 2-ноябрга караган түнү он аймакта, аннексияланган Крымда, Кара жана Азов деңиздеринин акваториясында 164 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Шерине

XS
SM
MD
LG