Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

Германия Украинага Patriot системасын берди


Владимир Зеленский, июль, 2025-жыл
Владимир Зеленский, июль, 2025-жыл

Украина абадан коргонуу үчүн Patriot зениттик-ракеталык системасын алганын өлкө президенти Владимир Зеленский 2-ноябрда билдирди.

"Мен Германияга жана канцлер Фридрих Мерцтин өзүнө ыраазылык билдирем. Эми макулдашуулар аткарылды", — деп жазды Зеленский Телеграмга. Канча комплекс берилгенин тактаган жок.

Анын айтымында, абадан коргонууну бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр өкмөттүк деңгээлде жана жабдыктарды өндүрүүчүлөр менен түз жүрүп жатат.

1-ноябрда Germany Aid to Ukraine долбоору Х түйүнүнө Украина жакынкы күндөрү эки Patriot комплексин аларын жарыялаган. Аны Дания, Литва жана Норвегия каржылаганы кабарланган.

Июлда Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага мындай системадан бешөө керек экенин билдирген. Ошол кезде The Washington Post немис бийлиги Украинага үч комплексти бергенин жазган. Кийинчерээк Писториус Берлин дагы экөөнү бергенге даяр экенин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG