Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:02

Санэпидемиологиялык борбор мектепте тамакка уулангандардын саны 84 экенин билдирди


Мектеп ашканасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Мектеп ашканасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калаадагы Сейтек STEM менчик мектебинде тамакка уулангандардын саны 84 экенин тактады.

Мекемеден билдиришкендей, анын 80и окуучу, төртөө мугалим.

79 киши Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылышса, бешөө жеке менчик ооруканаларга жаткан. 13ү ооруканага жаткырылып, бешөөнүн абалы жакшырган соң чыгарылган. Калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Санитардык-эпидемиологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында, уулануу 31-октябрда мектеп ашканасында берилген шаурмадан болгону аныкталды. Окуучу-мугалимдер тамак жеген соң кусуп, ичи өтүп, ашказандары ооруп, алсыраган.

Адистер тамак-аштарды, алар сакталган жерлерди жана даярдаган кызматкерлерди текшерип, мектеп жетекчилигине эреже бузууларды жоюп, толук дезинфекция жүргүзүүнү эскертти.

Эки протоколдун негизинде жалпы 28 миң сом айып пул салынып, лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин ашкананын иши убактылуу токтотулду. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору изилдөөсүн улантууда. Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Аталган мектептеги окуучулар жана кызматкерлер тамакка ууланганы 31-октябрдын кечинде белгилүү болгон. Алар күндүз мектеп ашканасында шаурма жегенин айтышкан. Алгач 58 адам ууланганы айтылса, кийин уулангандардын саны 75ке жеткени кабарланган. Көпчүлүгү үйлөрүнөн дарылоого жиберилген.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда адамдар жапырт ууланган учурлар болгон. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG