Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:11

АКШда католик мектептин чиркөөсүндөгү ок атуудан эки окуучу каза тапты


АКШнын Миннеаполис шаарында ок атуу болгон жерди полиция курчоого алды. 27-август, 2025-жыл.
АКШнын Миннеаполис шаарында ок атуу болгон жерди полиция курчоого алды. 27-август, 2025-жыл.

АКШнын Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында католик мектептин окуучулары чиркөөдө сыйынып жатканда ок атылып, эки окуучу каза таап, дагы ондон ашууну ар кандай жараат алышты.

CBS News телеканалы билдиргендей, католик чиркөөсүнө караштуу мектепте 14-15 жашка чейинки балдар кадимки светтик билим алышат. Кара кийимчен 20 жаштардагы жигит балдарды автоматтан терезеден аткылаган. Ал өзү да ок тийип мерт болду.

Жарадар болгондордун көбү 6-14 жаштагы балдар, алардын айрымдарынын абалы оор, - деп билдирди Миннеаполис шаар бийликтери.

Жергиликтүү полиция өкүлү тергөө жаңыдан башталганын, азырынча шектүү буга чейин кылмыштарга аралашпаган адам экенин маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG