Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:17

Трамп Бээжинде "АКШга каршы кутум болуп жатканын" жазып, Путин менен Ким Чен Ынга дубай салам жолдоду


Бээжин. 3-сентябрь, 2025-жыл
Бээжин. 3-сентябрь, 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social Бээжинде Жапониянын багынышына жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүп, Орусия менен Түндүк Кореянын башчылары да барган аскердик парад тууралуу комментарий берди.

Трамп анда Си Цзиньпинге кайрылып: "Силер Америка Кошмо Штаттарына каршы кутум уюштуруп жаткан чакта, Владимир Путин менен Ким Чен Ынга менден ысык салам айтып коюңуз", - деди.

Трамп "Си Цзиньпин Экинчи дүйнөлүк согушта Жапонияга каршы күрөштө АКШнын Кытайга колдоосун эстейби деген башкы суроого жооп болушу керектигин" белгиледи.

"Кытайдын жеңиши жана даңкы үчүн күрөштө көптөгөн америкалыктар курман болду", - деди Трамп.

АКШ президенти Германия менен Жапонияны жеңүүдө Американын өнөктөштөргө берген жардамы чечүүчү болгон деген пикирин айтып келген.

Путин менен Си Цзиньпин параддын алдында жеңишке чечүүчү салымды СССР менен Кытай кошконун белгилешти.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Кремль Трамптын кутум тууралуу жазганы тамаша иретинде деп ишенгиси келерин журналисттерге айтты.

Ал Путин, Си Цзиньпин жана Ким Чен Ындын АКШга карата жаман ою жоктугун, кутумдан алыс экенин белгиледи.

Дональд Трамп буга чейин Путин жана Си Цзиньпин менен мамилеси жакшы экенин айтып келген, Ким Чен Ын менен мурдагы президенттик мөөнөтүндө жолугушкан. Путин экөөнүн Украинадагы согушка байланышкан кездешүүсү быйыл 15-августта Аляскада өткөн.

Бээжиндеги аскердик парад 3-сентябрда Тяньаньмэнь борбордук аянтында өтүп, аны Орусия, Түндүк Корея баштаган 20дан ашуун мамлекеттин лидерлери көрдү. Арасында Борбор Азия мамлекеттеринин, Иран, Азербайжандын президенттери, Армения, Словакия, Сербиянын премьер-министрлерии, Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко да бар.

Би-би-си билдиргендей, Бээжиндеги аскердик парадда жаңы курал-жарактар көргөзмөгө коюлду, алардын ичинде DF-5C континенттер аралык баллистикалык ракетасы, AJX002 суу алдындагы дрондору жана лазердик жабдык бар.

Параддын алдында 31-августта, 1-сентябрда Кытайдын Тяньцзин шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жана байкоочу макамындагы өлкөлөрдүн башчыларынын саммити болуп, анда Украинадагы согуш тууралуу бир да сөз козголбогон жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды.


Шерине

XS
SM
MD
LG