Казакстандын Алматы шаарында блогер жана журналист Мирболат Мырзатай уулу социалдык, улуттук же диний кастыкты козутуу (Казакстандын Жазык кодексинин 174-беренеси) айыбы боюнча кармалганы тууралуу «Азаттык» радиосунун казак кызматы билдирди.
Алматы шаарынын полиция кызматкерлери анын баш коргоо чарасы эки күндүн ичинде сот тарабынан аныкталарын кабарлашты.
Журналисттин жакындарынын айтымында, Мырзатай уулу 2-сентябрда Талгарга болгон сапарынан кийин байланышка чыкпай калган. Анын унаасы Алматынын жанындагы Талгар районунан табылган.
Бир нече күн мурун журналист Facebook баракчасына бийликтин жерди чет өлкөлүктөрдүн менчигине өткөрүү чечимин сынга алган пост жазган.
«Бул улуттук коопсуздукка түз коркунуч! Элди алдоону токтоткула!» — деп жазган ал.
3-сентябрда активисттер Мирболат Мырзатай уулун бошотуу талабы менен полиция имаратынын алдына чогулушту. Алар журналисттин кармалышы анын жарандык активдүүлүгүнө байланыштуу деп эсептешет. (AiA)
Шерине