Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

Украина Орусиянын кезектеги жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылды


Украина.
Украина.

Орус армиясы 7-сентябрдын таңында Украинанын бир нече аймагына ракета жана учкучсуз учактар менен кезектеги жапырт чабуулун койгонун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлап жатышат.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличконун айтымында, шаарда бир улгайган аялдын өмүрү кыйылды, көп кабаттуу үйлөрдүн кеминде төртөөнү жана автомашиналарды өрт каптады.

Киев шаардык аскердик администрация башчысы Тимур Ткаченко үйлөрдүн бирине учактын сыныгы түшүп, дагы бир өмүр кыйылганын, уранды астынан куткаруучулар бир жашар наристенин сөөгүн алып чыгышканын жазды. Анын айтымында, кеминде дагы 11 киши ар кандай жараат алды, арасында кош бойлуу бир келин бар.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы борбор шаар "Искандер-К" канаттуу ракеталарынын чабуулуна кабылганын билдирди.

Кривой Рог шаарында соккулардан үч жерде транспорттун ишине тоскоолдук жаралганы, Запорожьеде мамлекеттик ишканалардын биринде өрт тутанганы, Кременчуг шаарында ондогон жарылуу болгону, Одесса жапырт аткылоо астында калганы, үйлөр жана башка имараттар зыян тарканы маалымдалууда.

Согуш 2022-жылдын февраль айында Москва коңшусуна толук масштабдуу кол салуусун баштагандан бери уланып келе жатат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG