Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:10

Президент Жапаров браконьерлерге каршы бирге күрөшүүгө чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, браконьерликке каршы биргө күрөшүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү президент соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анда президент соңку 3 жылдан бери Ысык-Көлдөн, Соң-Көлдөн, Токтогул суу сактагычынан жыйналган торлордун узундугу 5 миң 700 километрге жеткенин билдирди.

“Бул деген Бишкек–Москва–Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат. Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам: сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кыларын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат”,-деген президент.

Жапаров кыргызстандыктарды жарандык, атуулдук милдетин аткарып, көзөмөлгө алууга чакырды.

Президенттин маалыматы боюнча, 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү көлдөрдөн 34 миң 454 даана тор алынды. Алардын жалпы узундугу 5 миң 659 километр 700 метрди түздү.

Шерине

XS
SM
MD
LG