Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара мекемеси Ташкент облусунун Бостанлык районунда каза болгон кыргызстандык эки жаранга байланыштуу маалымат таратты.
4-сентябрда мекеменин Sarhad.uz Телеграм-каналында жарыяланган маалыматта аскерлер мындай кадамга акыркы чара катары барганы айтылган:
“Чек арачылар өз ыйгарым укуктарынын чегинде аларды токтотууга буйрук беришкен, бирок чек араны бузгандар качып кетүүгө аракет кылышкан. Ошондуктан, Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аларды токтотуу үчүн асманга бир нече жолу эскертүүчү ок атылган”.
Маалыматта айтылгандай, өзбек аскерлери эки кишинин бирине медициналык жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калууга аракет кылганынан майнап чыккан эмес.
15-августтагы бул окуя тууралуу 1-сентябрда гана маалым болгон. Маркумдардын сөөгү эки жумадан соң туугандарына өткөрүлүп берилген. Экөө тең Кыргызстандын Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары. Алар сейрек кездешүүчү эндик өсүмдүгүнүн тамырын терип жүрүп чек арадан өтүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Жакындары "мал издеп жүрүп, байкабай чек арадан өтүп кетишкенин" айтууда.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын чоо-жайын эки өлкө чогуу иликтей турганын билдирген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир канча жыл толук такталбай турган чек ара маселеси 2023-жылы чечилген. Жылдар бою мал-жандын өтүп кетиши же контрабанда себептүү чек арада адам өмүрү кыйылган учурлар бир нече ирет катталып, соңку кездери мындай окуялар болбой калган эле.
Шерине