Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу экенин билдирди. Бул тууралуу ал 9-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Данияр Амангелдиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы ушул тапта Мунай ташуучулар ассоциациясы менен күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап туруу боюнча иштеп жатканын, өлкөдө күйүүчү майдын 1,5 айга жете турган запасы бар экенин жана аны эки айга чейин жеткирүү аракети көрүлүп жатканын кошумчалады.
“Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитте Адылбек Алешович (Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы) кесиптеши Михаил Владимирович Мишустин (Орусиянын премьер-министри) менен сүйлөшкөн. Ал Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик берди”, - деди Данияр Амангелдиев.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93% Орусиядан импорттолот.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, соңку эки айда эле өлкөдө күйүүчү майдын чекене баасы литрине 3,5-4 сомго чейин кымбаттады.
Буга чейин Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Уюмдун жетекчиси Канат Эшатов Орусиядагы мунай заводдорунан Кыргызстанга май сатуу боюнча сунуштар азайып, баасы да өсүп жатканын “Азаттыкка” маалымдаган. (BTo)
Шерине