Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) казакстандык дагы бир ишкер, Караганды облусунун бокс федерациясынын президенти Камалутин Халиковго издөө жарыяланганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында ага “Братский круг” деп аталган эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болгон кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар деген айып коюлууда. УКМК ал буга чейин Казакстанда уюшкан кылмыштуу топту түзгөн деген шек менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, Кыргызстандан Казакстанга товарларды аткезчилик менен ташып жүргөнүн кошумчалады.
“Камалутин Халиков Камчыбек Асанбектин ишкерлерден мыйзамсыз киреше чогултуу, опузалоо, каракчылык сыяктуу иш аракеттери аркылуу системалуу негизде кылмыштуу кирешелерди алгандыгын, ошондой эле анын “адам өлтүрүү”, “адам уурдоо” жана “уюшкан кылмыштуу тобун түзүү, уюштуруу” боюнча оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен соттолгонун билип туруп, биргелешкен бизнес долбоорлорун жүргүзүү үчүн Кыргызстандын аймагында анын колдоосун алуу максатында “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчыбек Асанбек менен байланыш түзгөн”, - деп айтылат маалыматта.
Камалутин Халиков Ысык-Көл облусундагы “Барс” эс алуу борборунда Камчы Көлбаев менен бир нече жолу жолугушканы аныкталган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун токтому менен аны сыртынан камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланды.
УКМК 2024-жылдын июнь айынын башында казакстандык ишкер, “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турганы аныкталганын билдирип, ага да эл аралык издөө жарыялаган. Атайын кызмат 19-июнда ал Кыргызстанга келип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин, козголгон кылмыш иши токтотулганын кабарлаган.
2024-жылы март айында ушундай эле шек менен орусиялык ишкер, “Капитал Групп” компаниясынын ээси Тё Павелге (кылмыш чөйрөсүндө “Паша Кореец” катары белгилүү) издөө жарыяланган, бирок көп өтпөй анын иши да токтотулган.
УКМК 2025-жылы май айында казакстандык ишкер Ерканат Жумабековго Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылаган деген айып менен издөө жарыялаган.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан. (BTo)
Шерине