Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:11

"Орусия бир жылдан бери ийгиликке жете алган жок". Покровск үчүн кармаш


Покровскини коргогон украин аскерлери, 2-ноябрь, 2025-жыл
Покровскини коргогон украин аскерлери, 2-ноябрь, 2025-жыл

мазмуну

  • Орус күчтөрү Покровск шаарын курчоого алып, темир жол станциясы жана өнөр жай зонасын бутага алды.
  • Эксперттер Покровск Орусиянын колуна өтсө, Донецк облусундагы Краматорск жана Константиновка шаарларына жол ачыларын белгилешет.
  • Украина Покровскиде орус армиясынын чабуулдарын токтотуп, Купянск менен Лиман аймактарында алдыга жылды.

Орусиянын армиясы Украинанын Покровск шаарын тезирээк алууга аракеттенүүдө деп эсептейт АКШнын Согушту изилдөө институту. Украиналык жогорку офицерлердин бири ушу тапта орус аскерлери ал жердин 60% көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Эксперттердин пикиринде, Донбасстагы стратегиялык коргонуу таянычы болгон Покровск Орусиянын колуна өтсө Донецк облусундагы маанилүү өнөр жай борборлору - Краматорск жана Константиновка калааларына жол ачылмакчы.

Дүйшөмбүдө Орусия Донецк облусундагы Покровск шаарын курчоого алып, сокку урганын билдирди. Орус Коргоо министрлиги маалымдагандай, аскерлер жергиликтүү темир жол станциясын жана өнөр жай зонасын, Гнатовка жана Рог айылдарын бутага алды. Мекеме аскерлер каршы тараптын он чакты чабуулуна туруштук бергенин, украин аскерлерин курчоого алганын кошумчалады.

Ал эми украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Покровскиде жана Слобожанск багыттарында орус армиясынын чабуулдарынын мизи кайтарылганын, Купянск менен Лиман чөлкөмдөрүндө алдыга жылышканын, орус аскерлеринин аймакта көбүрөөк жер басып алуу аракетин ийгиликтүү алдын алышканын билдирди.

Орусиянын аскерлери Покровск шаарын курчап алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

Покровск – Донбасстагы стратегиялык коргонуу борбору. Ал жактан кан жолдорду, темир жол түйүндөрүн көзөмөлдөө үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Эксперттер шаар Орусиянын колуна өтсө Донецк облусундагы маанилүү өнөр жай борборлору - Краматорск жана Константиновкага жол ачыларын белгилешет. Кошуна өлкөсүнүн Донецк облусун толугу менен басып алууну көздөгөн орус армиясы Покровскиге бир жылдан бери жылып баратат.

Алардын пилотсуз учактары украин жоокерлерин курал-жарак, ок-дары, башка зарыл нерселер менен камсыздоо ишин кыйындатып жатат.

Аскердик аналитик, АКШдагы Тышкы саясатты изилдөө институтунун изилдөөчүсү Роб Ли Покровск маанилүү болгону менен Славянск жана Краматорск Украинанын таяныч пункттары бойдон кала берүүдө деп эсептейт. Себеби 2022-жылдан бери командачылык жана логистиканын негизги борборлору дал ошол жерлерде жайгашкан:

"Менимче, урушта 3 айдан кийин эмне болорун алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Азыр эч кандай прогноз жасабай турайын. Бирок Славянск менен Краматорскиге быйыл коркунуч жаралат деп ойлобойм. Менимче, орустар эмки жылы аракетин ошол багытка жумшашат. Бирок Орусия Покровскини басып алса, андан кийин кайсы багытка жылышат деген суроо турат".

Ли кошумчалагандай, Орусия Донецктин батыш тарабын ээлеп албаса да, дрондордун күнүмдүк соккулары жана бомбалоолор жайкын тургундардын жашоосун ого бетер татаалдаштырат.

Өткөн аптада Украина Покровскинин аймагына Чалгын башкармалыгынын атайын даярдыктагы десантын жөнөткөнүн Рейтер агенттиги булактарга шилтеме менен жазган. Агенттик белгилегендей, ал маалда Орусия украиналык аскерлерди курчоого алганы кабарланган.

Маалыматка караганда, десанттык чабуул коюучу күчтөрдүн операциясын украин Аскердик чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов өзү жетектеген. Аскерлердин аракеттерин орусиялык пилотсуз учактар кыйындаткан. Бирок Рейтер видеонун датасын жана тартылган жерди өз алдынча бышыктай албаганын белгилеген.

Украиналык аскердик аналитик Александр Коваленконун пикиринде, сөз болгон шаарды басып алуу Орусияга тактикалык жактан гана эмес, репутациялык көз караштан алганда да маанилүү. Эмне дегенде былтыр кышында Авдеевканы алгандан бери алар мындай деңгээлдеги ийгиликке жете албай келатат:

"Бир жыл бою алар шаарды алууга аракеттенип келди. Жоготууларын, кеткен убакытты, жумшалган ресурстарды эске алганда ири армия үчүн бул уят. Андыктан аскердик максаттан тышкары беделин да эске алып, бул багытка артыкчылык берүүдө".

Украин армиясынын өкүлдөрү аткылоолор уланып жаткан шартта шаарга кеминде 200 орусиялык аскер киргенин билдирген. Коваленко алар 3-4 кишиден турган топторду тынымсыз жөнөтүп жатканын, жоокерлердин саны алда канча көп экенин, демек, мүмкүнчүлүктөрү да көбүрөөк болгонун белгилейт.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский Покровскиде орусиялык 170 миң аскер жайгашканын айткан.

Константиновкадан элди көчүрүү аракети. Донецк облусу, 3-ноябрь 2025-жыл
Константиновкадан элди көчүрүү аракети. Донецк облусу, 3-ноябрь 2025-жыл

Жергиликтүү тургундардын көбү кармаш жүрүп жаткан шаардан эбак эле көчүп кеткен. 3-ноябрда украин полициясы Покровскиге жанаша турган Константиновка шаарчасынан тогуз карапайым киши, негизинен кары-картаңдар эвакуацияланганын билдирди.

"Покровскиге кире албай калдык. Биз элге айланадагы айылдарга жөө баргыла деп айттык. Анан ошол жактан алып кетебиз. Машина менен шаарга кирсең душмандын бутасына дароо илинесиң. Алар логистикага, жолдорго, машиналарга сокку уруп келатат".

Орусия Луганск жана Донецк облустарын камтыган Донбассты ээлеп алууну көздөйт. Киев ал жердин 10 пайыздайын же 5000 чарчы километр аянтты көзөмөлдөп калды.

Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасс эми Орусиянын бөлүгү деп саналарын айтып келсе, Украина жана Батыш эл аралык мыйзамдарга ылайык Москва аймакты оккупациялап алды деп эсептелерин белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG