Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Орусиянын армиясы Сумыдагы окуу жайга, чиркөөгө сокку урду


Сумы. Орусиянын соккусунун кесепети. 11-сентябрь, 2025-жыл
Сумы. Орусиянын соккусунун кесепети. 11-сентябрь, 2025-жыл

Орусиянын армиясы 11-сентябрга караган түнү Сумыдагы окуу жайга сокку урганын Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, чабуулдун кесепетинен окуу жайдын имараты жарым-жартылай талкаланып, бир корпусунда өрт чыккан.

Соккудан автоунааларга зыян келтирилип, жакын жайгашкан көп кабаттуу турак жайлардын терезелери күбүлүп түшкөн.

Орусия соккулар тууралуу комментарий бере элек.

11-сентябрда күндүз Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров Орусиянын дрону шаардагы улуттук маанидеги архитектуралык эстеликтердин бири болгон чиркөөгө тийгенин билдирди. Жабыркагандар бар-жогу такталууда.

Сумыдагы чиркөө
Сумыдагы чиркөө


Шерине

XS
SM
MD
LG