Непалдын Ички иштер министрлиги жума күнү маалымат жыйынын өткөрүп, соцмедиа порталдары бөгөттөлгөнүнө, коррупцияга каршы албууттанган акция катышуучулары менен полициянын кагылышууларынан кеминде 51 адам каза тапканын, дагы 1200дөн ашуун киши жараат алганын билдирди. Премьер-министрдин милдетин Жогорку соттун мурдагы төрайымы Сушила Карки убактылуу аткарууда.
Маалыматка караганда, каза болгондордун 21и демонстранттар, үчөө полиция кызматкери, тогуз киши түрмөдөн качкандар, 18и дагы башкалар деп айтылды.
"Башаламандык маалында түрмөлөрдөн качып чыккан 13 500дөй кишинин миңдейи абактарга кайтарылды, калганы дале дайынсыз", - деп белгиледи өкмөттүн өкүлү.
Жума күнү кечинде Непалдын президенти, куралдуу күчтөрдүн жетекчиси жана жаш активисттердин өкүлдөрү жолугары белгиленген. Борбор шаар Катмандуда айрым дүкөндөр ачылып иштей баштады, кээ бир маанилүү жолдор тосулуп турат. Шаардын борбордук бөлүгүндө коменданттык саат киргизилген.
Шерине