Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери КУУга кошулду


Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет. Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулду. Тийиштүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Министрлер Кабинетине тиешелүү чечимдерин ушул өзгөртүүлөргө ылайык келтирүү тапшырылды.

Кыргыз улуттук университети (КУУ) 1925-жылы негизделген жана учурда 75тен ашык багыт боюнча бакалавриат, магистратура жана адистик программалар боюнча билим берет.

Нарын мамлекеттик университети 1996-жылы түзүлгөн. Ал төрт окуу жайдын, Айыл чарба техникумунун, Педагогикалык коллеждин, Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу институтунун жана Кыргыз архитектура-курулуш институтунун филиалынын базасында негизделген.

Талас мамлекеттик университети 1994-жылы түзүлгөн, 1930-жылдардан бери иштеп келген педагогикалык окуу жайдын базасында уюшулган.

Баткен мамлекеттик университети (БатМУ) 1999-жылы түзүлгөн.

Бул чечим билим берүү системасын оптималдаштыруу жана жогорку билимдин сапатын жакшыртуу максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдагы жарлыгына ылайык, Кыргызстандагы беш окуу жайга өзгөчө макам берилген. Жарлыкка ылайык, айрым окуу жайлар бириктирилип, кайрадан түзүлмөй болгон.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 80ден ашык жогорку окуу жайы бар. Алардын 31и мамлекеттик, эки жогорку окуу жайдын эл аралык деген макамы бар. Жалпысынан 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттин жараны. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG