Чүй облусунда 12 жаштагы кызын, эки жашар уулун өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Облустук милициянын маалыматка караганда, 12-сентябрдын кечинде үйлөрдүн биринен жашы жете элек эки баланын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу жерине барган учурда бычак жеген 2013 (кыз) жана 2023-жылы туулган (эркек) эки баланын сөөгү табылган. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, балдардын тийиштүү экспертиза жүргүзүү үчүн сөөгү Токмок облустук өлүкканага жеткирилди. Кылмышка шектелип балдардын энеси кармалып, убактылуу тергөө абагына киргизилди.
Соңку учурда Кыргызстанда үрөй учурган кылмыштар катталып жатат.
Августтун соңунда көп кабаттуу үйлөрүнүн биринен аялдын сөөгү табылып, кылмышка шектүү катары анын уулу кармалган.
Акыркы расмий маалыматка таянсак, Кыргызстанда калктын 11% психикалык саламаттыкка байланыштуу көйгөй бар. (КЕ)
Шерине