Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Израил армиясы Газага абадан сокку уруп, шаарга танктар киргени кабарланды


Израилдин Газа секторуна чабуулунан кийинки түтүн. 15-сентябрь, 2025-жыл
Израилдин Газа секторуна чабуулунан кийинки түтүн. 15-сентябрь, 2025-жыл

Америкалык Axios сайты кабарлагандай, жөөт армиясы 16-сентябрга караган түнү Газага абадан сокку уруп, андан кийин шаарга танктар кирген.

ЦАХАЛдын жогорку даражалуу өкүлү аталган басылмага Израилдин күчтөрү Газага киргенин, жакынкы күндөрдө аларга кошумча күч тартыларын билдирди.

Операциянын алдында ЦАХАЛ палестиналыктарды шаардан чыгып кетүүгө, жана түштүктөгү "гуманитардык аймакка" көчүүгө чакырган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Газа шаарынан 300 миңдей киши чыгып кетти. The Jerusalem Post дагы 700 миңдей киши шаарда калганын жазды.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 15-сентябрдын кечинде Газа шаарын ээлөө үчүн жердеги операциясын баштаган. Чабуул АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушкандан бир нече саат өткөндө башталган.

Axios басылмасынын булактары Рубио Трамптын администрациясы жердеги операцияны колдой турганын, бирок ал тез арада жүргүзүлүшү керектигин айтканын билдиришкен.

  • Газадагы чабуулдар ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткенден кийин башталган.
  • Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.
  • Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Анклав күн сайын бомбаланып, аткылоого туш болуп келатат. Жашоочулар ачарчылыктан жапа чегүүдө.


Шерине

XS
SM
MD
LG